# 12-статья. Изин сутпай издөө иш-чараларын жүргүзүүдө жарандардын конституциялык укуктарын чектөө жөнүндө материалдарды кароонун негиздери жана тартиби

- Документ: [Изин суутпай издөө иши жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/138)
- Документтеги орду: II бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 16-октябрындагы № 131 "Изин суутпай издөө иши жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 131
- Кабыл алынган күнү: 16.10.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 26.06.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 26 июня 2025 года № 127 "Об оперативно-розыскной деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029331)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 11 июля 2013 года № 129 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203937)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 11.07.2013 [Закон КР от 11 июля 2013 года № 129 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203937); 24.02.2010 [Закон КР от 24 февраля 2010 года № 33 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об оперативно-розыскной деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/202922)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/138#diff=1288863..1288864>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/138/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-126/edition/1288849/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/138/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Изин суутпай издөө иши жөнүндө, 12-статья (26.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/138/st-12

---

Изин суутпай издөө иш-чараларын жүргүзүүдө жарандардын электр жана почта байланышы аркылуу берилүүчү кат жазышууларынын, телефон аркылуу сүйлөшүүлөрүнүн, почталык, телефондук жана башка билдирүүлөрүнүн жашыруундулугун сактоого, турак-жайдын кол тийгистигинин конституциялык укуктарын чектөө жөнүндө материалдарды кароо, эреже катары, мындай иш-чаралар жүргүзүлүүчү жерде же аларды жүргүзүүгө өтүнүч берген орган турган жер боюнча сот тарабынан жүзөгө ашырылат. Көрсөтүлгөн материалдар судья тарабынан жеке жана токтоосуз каралат. Судья мындай материалдар берилген учурда аларды кароодон баш тартууга укуксуз. Изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу органдын жетекчилеринин биринин жүйөлүү токтому жарандардын конституциялык укуктарын чектеген изин суутпай издөө иш-чараларын жүргүзүү жөнүндө маселени чечүү үчүн негиз болуп эсептелет. Мындай жетекчилердин категорияларынын тизмеси изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын актылары тарабынан аныкталат. Судьянын талабы боюнча оперативдүү кызыкчылыктын объекттинин чөйрөсүнүн арасына атайын кошулган адамдар жөнүндө, изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу органдардын штатта турган жашыруун кызматкерлери тууралу, аларга жашыруун негизде көмөк көрсөтүп жүргөн адамдар жөнүндө, изин суутпай издөө ишинин уюштурулушу жана аны өткөрүүнүн тактикасы тууралу материалдардан башка, изин сутпай издөө иш-чараларын аткарууга негиз болгон башка материалдар да берилиши мүмкүн. Көрсөтүлгөн материалдарды кароонун натыйжалары боюнча сот (судья) жарандардын конституциялык укуктарын чектеген тиешелүү изин суутпай издөө иш-чараларын жүргүзүүгө уруксат берет же болбосо аны жүргүзүүдөн баш тартат, бул жөнүндө жүйөлөштүрүлгөн токтом чыгарат. Мөөр менен күбөлөндүрүлгөн токтом алар тарабынан берилген материалдарды кайтарып берүү менен бир убакта изин суутпай издөө иш-чарасын жүргүзүүнүн демилгечисине кайтарылып берилет. Эгерде соттук чечимдин өзүндө башкача белгиленбесе, судья тарабынан чыгарылган соттук чечимдин колдонулуш мөөнөтү ал чыгарылган күндөн тартып суткалар менен эсептелет жана ал алты айдан ашпоого тийиш. Соттук чечимдин колдонулуш мөөнөтүн узартуу зарыл болгондо, судья жаңы берилген материалдардын негизинде токтом чыгарат. Эгерде судья жарандардын конституциялык укуктарын чектеген изин суутпай издөө иш-чараларын жүргүзүүдөн баш тартса, изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу орган жогору турган сотко бул маселе боюнча кайрылууга укуктуу. Сот органдарынын жетекчилери судьяга берилген оперативдик-кызматтык документтерде камтылган маалыматтардын сакталышын камсыз кылган шарттарды түзүшөт. (КР 2010-жылдын 24-февралындагы № 33, 2013-жылдын 11-июлундагы № 129 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [11-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/138/st-11)  
Кийинки берене: [13-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/138/st-13)
