# Күн-Чыгыш айылдык кеңешинин 2023-жылдын 24-февралындагы № 10 "Күн-Чыгыш айыл өкмөтү боюнча айрым салыктардын зоналдык коэфицентин көтөрүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Күн-Чыгыш айылдык кеңешинин 2023-жылдын 24-февралындагы № 10 "Күн-Чыгыш айыл өкмөтү боюнча айрым салыктардын зоналдык коэфицентин көтөрүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 10
- Кабыл алынган күнү: 24.02.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.02.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/137854>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-13531/edition/1270251/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.02.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Күн-Чыгыш айылдык кеңешинин 2023-жылдын 24-февралындагы № 10 "Күн-Чыгыш айыл өкмөтү боюнча айрым салыктардын зоналдык коэфицентин көтөрүү жөнүндө" токтому (24.02.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/137854

---

КҮН-ЧЫГЫШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ VII-чакырылышынын XXIV- сессиясы 2023-жылдын 24-февралы № 10 Күн-Чыгыш айыл өкмөтү боюнча айрым салыктардын зоналдык коэфицентин көтөрүү жөнүндө Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүн көбөйтүү максатында 2023-жылдын 1-январынан тартып, салыктарга эсептелинүүчү зоналдык коэфицентти 1,6 коэфицентке көтөрүү боюнча Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы В.Абдулдаеванын, кирешелер боюнча башкы адис Г.Оморованын маалыматын угуп жана талкуулап, Күн-Чыгыш айылдык кеңеши

Т О К Т О М К Ы Л А Т:

1.Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүн көбөйтүү максатында Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 404-беренесинин 4 пунктуна ылайык, 2023-жылдын 1-январынан тартып, Күн-Чыгыш айыл өкмөтү боюнча салыктарга эсептелинүүчү зоналдык коэфицент 1,6 болуп бекитилсин.

2.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Б.Шыгаевага тапшырылсын.

Төрага

К. Карыпов
