# Кара-Бак айылдык кеңешинин 2023-жылдын 31-мартындагы № 27 "Кара-Бак айылдык аймагында коомчулуктардын инвестициялык ассоциациясын (АКИА) каттоо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кара-Бак айылдык кеңешинин 2023-жылдын 31-мартындагы № 27 "Кара-Бак айылдык аймагында коомчулуктардын инвестициялык ассоциациясын (АКИА) каттоо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 27
- Кабыл алынган күнү: 31.03.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/137842>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-13521/edition/1270241/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кара-Бак айылдык кеңешинин 2023-жылдын 31-мартындагы № 27 "Кара-Бак айылдык аймагында коомчулуктардын инвестициялык ассоциациясын (АКИА) каттоо жөнүндө" токтому (31.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/137842

---

КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXIII cессиясы 2023-жылдын 31-марты № 27

Кара-Бак айылдык аймагында коомчулуктардын инвестициялык ассоциациясын (АКИА) каттоо жөнүндө АРИСтин “CASA-1000” Жергиликтүү коомчулуктарды колдоо долбооруна кошумча каржылоо долбоорунун алкагында Айылдык коомчулуктардын инвестициялык ассоциациясы (АКИА) түзүлгөндүгү тууралуу Айылдык коомчулуктардын инвестициялык ассоциациясынын төрайымы М.Надированын жана Кара-Бак айыл өкмөтүнүн билдирүүсүн талкуулап, Кара-Бак айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Баткен Облусунун Баткен районунун Кара-Бак айыл аймагынын айылдардагы коомчулуктардын инвестициялык ассоциациясынын Уставына ылайык иш жүргүзүү аймагы Баткен районунун Кара-Бак айыл аймагынын чек ара аймагы болуп аныкталсын.

2.АРИСтин “CASA-1000” Жергиликтүү коммчулуктарды колдоо долбооруна кошумча каржылоо долбоорунун алкагында Айылдык коомчулуктардын инвестициялык ассоциациясы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 10-октябрындагы №625, 2012-жылдын 21-ноябрындагы №782 редакцияланган “Кыргыз Республикасында аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдарынын иштерин жөнгө салуу жоболорду бекитүү тууралуу” токтомуна ылайык Баткен районунун Кара-Бак айылдык кеңешинде Кара-Бак айылдык коомчулуктардын инвестициялык ассоциациясы каттоого алынсын.

3.Айылдагы коомчулуктардын инвестициялык ассоциациясы (АКИА) менен иш алып барууну көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айыл өкмөтүнүн башчысы А. Каламбековго тапшырылсын.

Айылдык кеңештин төрайымы Ж.Шадиманова
