Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
1-Май айыл аймагынын айылдык кеңешинин «ПО “ВТ и СА” жоопкерчилиги чектелген коомунун кен казуу ишмердүүлүгүн жүргүзүүсү жөнүндө» токтому
1-МАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
1-Май айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз IV сессиясы 2023-жылдын 22-майы № 4/14 ПО “ВТ и СА” жоопкерчилиги чектелген коомунун кен казуу ишмердүүлүгүн жүргүзүүсү жөнүндө 1-Май айыл аймагынын Чапчыма кен чыккан жеринин Түштүк батыш бөлүгү ПО “ВТ и СА” жоопкерчилиги чектелген коомунун №6661 АЕ лицензиясына ылайык, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 28- беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-декабрындагы №810 токтому менен бекитилген “Жер казынасын пайдаланууга жер участокторун беруу тартиби жөнүндө” Жобонун негизинде, бул багытта аталган ишканага кен казуу иштерине уруксат беруу боюнча 1-Май айылдык Кецешинин VIII чакырылышынын 2021-жылдын 4-февралындагы №1/6 токтомуна жана 1-Май айылдык кенешинин IX чакырылышынын 2021- жылдын 4-августундагы №1/2 токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын айыл чарба министрлигинин токой кызматынын 26-май 2023-жылдагы Буйругуна ылайык, Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ош-Жала-Абад регионалдык башкармалыгынын 19-май 2023 жылдагы мамлекеттик экологиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, 14-июль 2021-жылдагы Кыргыз Республикасынын экология жана климат боюнча мамлекеттик комитеттин Малекеттик экологиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, 1-Май айыл өкмөтүнүн башчысы М.Шербаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, 1-Май Айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз IV сессиясы токтом кылат:
1. 1-Май айыл аймагына караштуу Чапчыма кен чыккан жеринин ЮгоЗападный участкасынан кен казууга ишмердуулук жургузуу учун ПО “ВТ и СА”жоопкерчилиги чектелген коомунун № 01-162/23 30-май 2023-жылдагы арызы канааттандырылсын;
2. ПО “ВТ и С А” жоопкерчилиги чектелген коомунун Чапчыма кен чыккан жеринин Түштүк батыш бөлугунүн 4,5 га жер аянтын лицензияда көрсөтүлгөн мөөнөткө убактылуу пайдаланууга кен казуудагы инфраструктура куруу ишмердүүлүгүн жүргүзүү үчүн КРнын мыйзамдарына ылайык колдонууга берилсин;
3. Экологиялык талаптарды сактоо менен иш жургузуу жана тиешелуу салыктык, салыктык эмес төлөмдөрдү учурунда төлөп туруу жагы ПО “ВТ и СА” жоопкерчили чектелген коомуна милдеттендирилсин;
4. Убактылуу жер укугун мыйзамдуу каттоодон өткөрүү жагы Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигинин алдындагы “КАДАСТР” мамлекеттик мекемесинин Ала-Бука райондук филиалынан суралсын;
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер жана турак жай адиси А.Акматовго милдеттирилсин;
6. Токтомду alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүү жагы 1-Май айылдык кеңешинин катчысына жүктөлсүн;
7. Бул токтомдун аткарылышын жана көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам;
1-Май айылдык кеңешинин төрагасы
М.Кулуев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.