Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Талас шаардык кеңешинин «Талас шаарынын мэриясынын “Муниципалдык менчик обьекттерин алмашуу жөнүндө” жобосун бекитүү жөнүндө» токтому
ТАЛАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Талас шаардык кеңешинин VIII чакырылыштагы кезектеги XXVI сессиясынын
2023-жылдын 20-июлу № 190/26-8
Талас шаарынын мэриясынын “Муниципалдык менчик обьекттерин алмашуу жөнүндө” жобосун бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 11-19-беренелери, Талас шаарынын мэриясынын 11.07.2023-жылдагы №01-19/1825 сандуу каты менен сунушталган “Муниципалдык менчик обьекттерин алмашуу жөнүндө” жобонун долбоору боюнча Талас шаардык кенешинин “Бюджет жана муниципалдык менчик башкаруу боюнча” жана “Регламент, депутаттык этика, мыйзамдуулук укук тартиби, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери, көчөлөрдүн жана башка социалдык маданий обьектилердин аттарын өзгөртүп кайрадан атоо боюнча” туруктуу комиссияларынын протоколдук сунуштарын карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаарынын мэриясынын “Муниципалдык менчик обьекттерин алмашуу жөнүндө” жобосу тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Депутаттардын Талас шаардык кенешинин 13.07.2021-жылдагы №19/4-8 сандуу токтому менен кабыл алынган “Талас шаарынын муниципалдык менчикте турган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдү мамлекеттик менчикке өткөрүп берүү тартиби жөнүндө” жобо мыйзам талаптарына ылайык келбегендиктен жокко чыгарылсын.
3. Кабыл алынган токтомду Талас шаарынын мэриясынын сайтына жайгаштыруу жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдөө жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин “Бюджет жана муниципалдык менчик башкаруу боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасына ( У.Атагелдиев) жана “Регламент, депутаттык этика, мыйзамдуулук укук тартиби, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери, көчөлөрдүн жана башка социалдык маданий обьектилердин аттарын өзгөртүп кайрадан атоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымына (К.Карагулова) тапшырылсын.
Төрага
К. Джаныбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 3
Цитата келтиргендер (1)
- "Муниципалдык менчик объекттерин алмашуу жөнүндө" Жобо (Талас шаардык кеңешинин2023-жылдын 20-июлундагы № 190/26-8 токтомуна)Положение · 20.07.2023 · № 190/26-8
Байланышкан документтер (3)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 20.10.2021 · № 123
- Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөЗакон · 15.03.2002 · № 37
- Талас шаардык кеңешинин 2021-жылдын 13-июлундагы №19/4-8 "Талас шаарынын муниципалдык менчикте турган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдү мамлекеттик менчикке өткөрүп берүү…Постановление · 13.07.2021 · № 19/4-8