# Ново-Покровка айыл аймагынын Ново-Покровка айылдык кеңешинин 2023-жылдын 27-январындагы № 84/XX-28 "Ново-Покровка айыл өкмөтүнүн юристинин эмгек акысын бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Ново-Покровка айыл аймагынын Ново-Покровка айылдык кеңешинин 2023-жылдын 27-январындагы № 84/XX-28 "Ново-Покровка айыл өкмөтүнүн юристинин эмгек акысын бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 84/XX-28
- Кабыл алынган күнү: 27.01.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.01.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/137696>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/137696/edition/1266205/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/137696.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.01.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ново-Покровка айыл аймагынын Ново-Покровка айылдык кеңешинин 2023-жылдын 27-январындагы № 84/XX-28 "Ново-Покровка айыл өкмөтүнүн юристинин эмгек акысын бекитүү жөнүндө" токтому (27.01.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/137696

---

НОВО-ПОКРОВКА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН НОВО-ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

2023-жылдын 27-январы № 84/XX-28 Ново-Покровка айыл өкмөтүнүн юристинин эмгек акысын бекитүү жөнүндө Ново-Покровка айыл өкмөтүнүн башчысы Б.М.Мамыркуловдун Кыргыз Республикасынын сотторунда Ново-Покровка айыл өкмөтүнүн, Ново-Покровка айылдык кеңешинин кызыкчылыктарын коргоо боюнча укуктук камсыздоо жөнүндө кайрылуусун карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 28- беренесине, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 78-беренесине ылайык жана өндүрүштүк зарылчылыка байланыштуу Ново-Покровка айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Ново-Покровка айыл өкмөтүнүн юристине 2023-жылга ай сайын 24,7 миң сом төлөмү бекитилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ново-Покровка айыл өкмөтүнүн КЭБнүн башчысынын милдетин аткаруучу С.А.Дмитриевага жүктөлсүн.

Төрага

Ш.И.Турдиев
