Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Орозбеков айылдык кеңешинин «Күлду айылынын Кош-Дөбө участкасынан АРИС тарабынан “СASA-1000 ЖКК” долбоору аркылуу курулуучу мөмө –жемиш кургатуу борборуна 0,70 га жер аянтын жана KOICA уюму тарабынан “Берекелүү аймак”” долбоору боюнча курулуучу логистикалык борборго 1,0 га жер аянтын ажыратуу жөнундө» токтому
ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Орозбеков айылдык кеңешинин VII чакырылыш кезексиз он жетинчи сессиясы
2023-жылдын 28-апрели №122 Күлду айылынын Кош-Дөбө участкасынан АРИС тарабынан “СASA-1000 ЖКК” долбоору аркылуу курулуучу мөмө –жемиш кургатуу борборуна 0,70 га жер аянтын жана KOICA уюму тарабынан “Берекелүү аймак”” долбоору боюнча курулуучу логистикалык борборго 1,0 га жер аянтын ажыратуу жөнундө
1.Кун тартибиндеги маселе айылдык кенештин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунда каралганын эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын “Жер Кодексинин” 13- беренесинин 2022-жылдын апрелиндеги № 22 Мыйзамынын жана 25-беренесинин 2007-жылдын 26-февралындагы №23 Мыйзамынын редакцияларына негиз, Орозбеков айылдык кеңеши токтом кылат:
Күлду айылынын Кош-Дөбө участкасынан АРИС тарабынан “CASA- 1000 ЖКК” долбоору аркылуу курулуучу мөмө –жемиш кургатуу борборуна 0,70 га жер аянтын жайыт категориясынан өнөр жай категориясына которууга уруксат берилсин.
2. Күлду айылынын Кош-Дөбө участкасынан KOICA уюму тарабынан “Берекелүү аймак”” долбоору боюнча курулуучу логистикалык борборго 1,0 га жер аянтын жайыт категориясынан өнөр жай категориясына которууга уруксат берилсин.
3. Жогорудагы жер аянттарына мыйзам чегинде иш кагаздарын даярдап, муниципалдык менчикке каттоо менен ижара аркылуу берүү жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Орозбеков айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы: О.Ибрагимов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын Жер кодексине өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндөЗакон · 26.02.2007 · № 23 · Күчүн жоготкон