# Орозбеков айылдык кеңешинин 2023-жылдын 28-апрелиндеги №121 "Орозбеков айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган Кош-Дөбө айылындагы спорт залды, айыл аймактагы кичи футбол аянтчаларын ижарага берүү боюнча тарифин бекитип берүү жана стадионго кароол дайындоо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Орозбеков айылдык кеңешинин 2023-жылдын 28-апрелиндеги №121 "Орозбеков айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган Кош-Дөбө айылындагы спорт залды, айыл аймактагы кичи футбол аянтчаларын ижарага берүү боюнча тарифин бекитип берүү жана стадионго кароол дайындоо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 121
- Кабыл алынган күнү: 28.04.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.04.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/137671>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-13375/edition/1266173/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.04.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Орозбеков айылдык кеңешинин 2023-жылдын 28-апрелиндеги №121 "Орозбеков айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган Кош-Дөбө айылындагы спорт залды, айыл аймактагы кичи футбол аянтчаларын ижарага берүү боюнча тарифин бекитип берүү жана стадионго кароол дайындоо жөнүндө" токтому (28.04.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/137671

---

ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Орозбеков айылдык кеңешинин VII чакырылыш кезексиз он жетинчи сессиясы

2023-жылдын 28-апрели №121 Орозбеков айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган Кош-Дөбө айылындагы спорт залды, айыл аймактагы кичи футбол аянтчаларын ижарага берүү боюнча тарифин бекитип берүү жана стадионго кароол дайындоо жөнүндө Күн тартибиндеги маселе боюнча айылдык кенештин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Ш.Байсаровдун билдирүүсун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү” Мыйзамынын 15-беренесинин 2005-жылдын 19-августундагы №152, 2016—жылдын 22-июнундагы №84 мыйзамдарынын редакцияларына негиз, Орозбеков айылдык кеңеши токтом кылат:

1.Орозбеков айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган Кош-Дөбө айылындагы спорт залды жана кичи футбол аянтчасын, Орозбеков айылынын Кара-Кечүү участкасындагы кичи футбол аянтчасын мыйзам чегинде ижарага берүү жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

2. Орозбеков айыл аймагындагы кичи футбол аянтчаларынын мурдагы ижара акылары боюнча отчетту бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссияга тапшыруу жагы ФЭБ бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу З.Максутовго милдеттендирилсин

3. Кош-Дөбө айылындагы А.Орозбеков атындагы стадионго кароол дайындоо колдонуудагы мыйзамдардын негизинде айыл өкмөт башчысы З.Н.Максутовго тапшырылсын.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

Орозбеков айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы: О.Ибрагимов
