# Тѳрт-Күл айылдык кеңешинин 2023-жылдын 22-февралындагы № 18 "Жумушсуздук боюнча каттоодо турган айыл аймагынын тургундарына, коомдук иште иштеген эмгеги үчүн кошумча акы тѳлѳѳ жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Тѳрт-Күл айылдык кеңешинин 2023-жылдын 22-февралындагы № 18 "Жумушсуздук боюнча каттоодо турган айыл аймагынын тургундарына, коомдук иште иштеген эмгеги үчүн кошумча акы тѳлѳѳ жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 18
- Кабыл алынган күнү: 22.02.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.02.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/137595>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-13306/edition/1265683/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.02.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Тѳрт-Күл айылдык кеңешинин 2023-жылдын 22-февралындагы № 18 "Жумушсуздук боюнча каттоодо турган айыл аймагынын тургундарына, коомдук иште иштеген эмгеги үчүн кошумча акы тѳлѳѳ жөнүндө" токтому (22.02.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/137595

---

ТѲРТ-КҮЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Тѳрт-Күл айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын VII-чакырылышынын XI сессиясы 2023-жылдын 22-февралы № 18 Жумушсуздук боюнча каттоодо турган айыл аймагынын тургундарына, коомдук иште иштеген эмгеги үчүн кошумча акы тѳлѳѳ жөнүндө Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ”, Мүлккѳ муниципалдык менчик жѳнүндѳ”, “Бюджет Кодексине” жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жѳнүндѳ” Мыйзамдарына ылайык, айыл Ѳкмѳтүнүн ФЭБ башчысы А.Дүйшембиеванын Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2016-жылдын 12-апрелиндеги №208 токтомуна ылайык “Акы тѳлѳнүүчү коомдук жумуштарды уюштуруу жѳнүндѳ” ЖОБОсуна ылайык, Тоӊ райондук эмгек жана социалдык ѳнүгүү башкармалыгында жумушсуздук боюнча каттоодо турган айыл аймагынын тургундарына, коомдук иште иштеген эмгеги үчүн кошумча акы тѳлѳѳ жөнүндө сунушун угуп, талкуулап айылдык кеңештин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тоӊ райондук эмгек жана социалдык ѳнүгүү башкармалыгында, жумушсуздук боюнча каттоодо турган Тѳрт-Күл айыл Ѳкмѳтүнүн тургундары, айыл аймагынын коомдук иштерине тартылган ар бир жаранга кошумча 300 сомдон эмгек акы тѳлѳнүп берилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышы айыл Ѳкмѳтүнүн ФЭБ башчысы А.Дүйшембиевага милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы айыл Ѳкмѳтүнүн башчысы Ж.Зарнаевге тапшырылсын.

Айылдык кеңештин төрагасы

М.Жунушалиев

Катчысы

Г.Садырова
