Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Тѳрт-Күл айылдык кеңешинин «Жумушсуздук боюнча каттоодо турган айыл аймагынын тургундарына, коомдук иште иштеген эмгеги үчүн кошумча акы тѳлѳѳ жөнүндө» токтому
ТѲРТ-КҮЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Тѳрт-Күл айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын VII-чакырылышынын XI сессиясы 2023-жылдын 22-февралы № 18 Жумушсуздук боюнча каттоодо турган айыл аймагынын тургундарына, коомдук иште иштеген эмгеги үчүн кошумча акы тѳлѳѳ жөнүндө Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ”, Мүлккѳ муниципалдык менчик жѳнүндѳ”, “Бюджет Кодексине” жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жѳнүндѳ” Мыйзамдарына ылайык, айыл Ѳкмѳтүнүн ФЭБ башчысы А.Дүйшембиеванын Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2016-жылдын 12-апрелиндеги №208 токтомуна ылайык “Акы тѳлѳнүүчү коомдук жумуштарды уюштуруу жѳнүндѳ” ЖОБОсуна ылайык, Тоӊ райондук эмгек жана социалдык ѳнүгүү башкармалыгында жумушсуздук боюнча каттоодо турган айыл аймагынын тургундарына, коомдук иште иштеген эмгеги үчүн кошумча акы тѳлѳѳ жөнүндө сунушун угуп, талкуулап айылдык кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тоӊ райондук эмгек жана социалдык ѳнүгүү башкармалыгында, жумушсуздук боюнча каттоодо турган Тѳрт-Күл айыл Ѳкмѳтүнүн тургундары, айыл аймагынын коомдук иштерине тартылган ар бир жаранга кошумча 300 сомдон эмгек акы тѳлѳнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы айыл Ѳкмѳтүнүн ФЭБ башчысы А.Дүйшембиевага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы айыл Ѳкмѳтүнүн башчысы Ж.Зарнаевге тапшырылсын.
Айылдык кеңештин төрагасы
М.Жунушалиев
Катчысы
Г.Садырова
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.