# Тѳрт-Күл айылдык кеңешинин 2023-жылдын 22-февралындагы № 15 "Ѳз ара салык жана коеффициент жѳнүндѳ" токтому

- Толук аталышы: Тѳрт-Күл айылдык кеңешинин 2023-жылдын 22-февралындагы № 15 "Ѳз ара салык жана коеффициент жѳнүндѳ" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 22.02.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.02.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/137592>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-13303/edition/1265673/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.02.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Тѳрт-Күл айылдык кеңешинин 2023-жылдын 22-февралындагы № 15 "Ѳз ара салык жана коеффициент жѳнүндѳ" токтому (22.02.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/137592

---

ТѲРТ-КҮЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Тѳрт-Күл айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын VII-чакырылышынын XI сессиясы 2023-жылдын 22-февралы № 15 Ѳз ара салык жана коеффициент жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат”, Мүлккѳ муниципалдык менчик жѳнүндѳ”, Кыргыз Республикасынын “Бюджет Кодексине” жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жѳнүндѳ” Мыйзамдарына ылайык жана жергиликтүү элдин жашоо шарттарын оңдоо максатында Тѳрт-Күл айыл Ѳкмѳтүнүн кирешелер боюнча башкы адиси М.Жамылованын сунушун угуп, талкуулап Тѳрт-Күл айылдык кеңештин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Тѳрт-Күл айыл аймагында жашаган ар бир түтүн ээлеринин ѳз ара салыгы буга чейин бекитилген тарифи калтырылып 2023-жылга 70 (жетимиш) сомдон алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 23-мартындагы №57 мыйзамынын 5-сатьясынын негизинде калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарба багытындагы эмес жерлерди максаттуу пайдалангандыгы үчүн жер салыгын дифференциялоо үчүн Айыл чарба багытындагы эмес жерледин салыгы 1.2 ден 2 коэффициентке кѳтѳрүлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышы айыл Ѳкмѳтүнүн кирешелер боюнча башкы адиси М.Жамыловага милдеттендирилсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Тѳрт-Күл айыл Ѳкмѳтүнүн башчысы Ж.Зарнаевге тапшырылсын.

Айылдык кеңештин төрагасы

М.Жунушалиев

Катчысы

Г.Садырова
