# Бишкек шаардык кеңешинин 2023-жылдын 30-майы № 88 "Бишкек шаардык кеңешинин 2021-жылдын 30-июлундагы № 3 "XXVIII чакырылыштагы Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларынын курамдарын бекитүү жөнүндө" токтомунун тиркемесине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Бишкек шаардык кеңешинин 2023-жылдын 30-майы № 88 "Бишкек шаардык кеңешинин 2021-жылдын 30-июлундагы № 3 "XXVIII чакырылыштагы Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларынын курамдарын бекитүү жөнүндө" токтомунун тиркемесине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 88
- Кабыл алынган күнү: 30.05.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.05.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/137574>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-13287/edition/1286734/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/137574.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.05.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бишкек шаардык кеңешинин 2023-жылдын 30-майы № 88 "Бишкек шаардык кеңешинин 2021-жылдын 30-июлундагы № 3 "XXVIII чакырылыштагы Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларынын курамдарын бекитүү жөнүндө" токтомунун тиркемесине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому (30.05.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/137574

---

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ 2023-жылдын 30-майы № 88 Бишкек шаардык кеңешинин 2021-жылдын 30-июлундагы № 3 "XXVIII чакырылыштагы Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларынын курамдарын бекитүү жөнүндө" токтомунун тиркемесине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Мыйзамын, Бишкек шаардык кеңешинин регламентин жетекчиликке алып, Бишкек шаардык кеңешинин "Эмгек", "Ата-Журт Кыргызстан", "Ишеним", "Өнүгүү-Прогресс" фракцияларынын жана Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Т.Б.Усубалиевдин катынын негизинде, Бишкек шаардык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаардык кеңешинин "Ынтымак" фракциясынын мүчөсү - Т.Ж.Сариев экономика, бюджет, финансы жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиянын курамынан чыгарылсын.

2. "Ынтымак" фракциясынын мүчөсү - Т.Ж.Сариев жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясынын курамына киргизилсин.

3. Бишкек шаардык кеңешинин 2021-жылдын 30-июлундагы № 3 "XXVIII чакырылыштагы Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларынын курамдарын бекитүү жөнүндө" токтомунун тиркемесине төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

2-пункттун 4-сабы алынып салынсын; 6-пункт төмөнкү мазмундагы 7-сап менен толукталсын: "7. Сариев Таалайбек Жолбошбаевич - "Ынтымак" фракциясынын мүчөсү".

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмө калтырам.

Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын милдетин убактылуу аткаруучу

Ж.Абдраимов
