# Миӊ-Булак айыл аймагынын айылдык кеӊешинин 2022-жылдын 25-апрелиндеги № 13/55 "Миң-Булак айыл аймагына тийешелүү болгон жер аянттарын жеке менчикке бөлүп берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Миӊ-Булак айыл аймагынын айылдык кеӊешинин 2022-жылдын 25-апрелиндеги № 13/55 "Миң-Булак айыл аймагына тийешелүү болгон жер аянттарын жеке менчикке бөлүп берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 13/55
- Кабыл алынган күнү: 25.04.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.04.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/137565>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-13278/edition/1263991/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.04.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Миӊ-Булак айыл аймагынын айылдык кеӊешинин 2022-жылдын 25-апрелиндеги № 13/55 "Миң-Булак айыл аймагына тийешелүү болгон жер аянттарын жеке менчикке бөлүп берүү жөнүндө" токтому (25.04.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/137565

---

МИӉ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Миӊ-Булак айылдык кеӊешинин ХХVIII чакырылышынын кезектүү II сессиясы 2022-жылдын 25-апрели № 13/55 Миң-Булак айыл аймагына тийешелүү болгон жер аянттарын жеке менчикке бөлүп берүү жөнүндө Күн тартибиндеги маселе боюнча Миң-Булак айылдык кеңешинин төрагасы А.Жамангуловдун баяндамасмын угуп жана талкуулап, депутаттардан Миң-Булак айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектүү II сессиясы токтом кылат.

1. Кыргыз Республикасынын үкмөтүнүн 2005-жылдын 30-июнундагы №276, 2010-жылдын 18-сентябрындагы №210 токтомдорунун редакцияларына ылайык, «Жеке менчике турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө» жобосунун, «Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн өлчөмү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тийиштүү органдары аныкташат» деген 5-пунктуна ылайык каралсын.

2.Миң-Булак айыл аймагына тийешелүү болгон жер аянттарын жеке менчикке бөлүп берүүдө 0,15 га чейин бөлүнүп берилсин.

3.Токтомду каттоодон өткөрүп minbulak.org. kg сайтына жарыялоо жагы кеңнштин катчысы А.Айтбаевага тапшырылсын.

4.Токтомду көзөмөлгө алуу жагы К.Кудайбергеновго милдеттендирилсин.

Төрага:

А.Жамангулов
