# Миң-Куш айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2022-жылдын 9-февралындагы № 8-1-3 "Жумгал районунун Миң-Куш айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жоопту катчыга ыйгарым укуктарын өкүлдөө келишимин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Миң-Куш айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2022-жылдын 9-февралындагы № 8-1-3 "Жумгал районунун Миң-Куш айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жоопту катчыга ыйгарым укуктарын өкүлдөө келишимин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 8-1-3
- Кабыл алынган күнү: 09.02.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.02.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/137536>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-13252/edition/1263637/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.02.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Миң-Куш айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2022-жылдын 9-февралындагы № 8-1-3 "Жумгал районунун Миң-Куш айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жоопту катчыга ыйгарым укуктарын өкүлдөө келишимин бекитүү жөнүндө" токтому (09.02.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/137536

---

МИҢ-КУШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Депутаттардын VIΙI-чакырылышынын Миң-Куш айыл аймагынын айылдык кеңешинин №1 – сессиясы 2022-жылдын 9-февралы № 8-1-3 Жумгал районунун Миң-Куш айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жоопту катчыга ыйгарым укуктарын өкүлдөө келишимин бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы №257 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти жөнүндө жобонун жана Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 27 ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө буйругунун негизинде токтом кылат:

1. Жумгал районунун Миң-Куш айыл аймагынын айыл өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин ортосунда тузүлгөн эки тараптуу келишими бекитилсин.

2. Ушул токтом айыл өкмөтүнөн каттоодон өткөрүлүп, min-kush.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Миң-Куш айыл өкмөтүнүн башчысы К.Алманбетовго милдеттендирилсин.

Төрага:

А. Жапаров
