Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Багыш айыл аймагынын Багыш айылдык кеңешинин «Багыш айыл өкмөтүнүн 2023-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бѳлүгүн бекитүү, 2024-2025-жылдарга божомолу жѳнүндѳ» токтому
БАГЫШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН БАГЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Эл депутаттарынын Багыш айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын XХ - сессиясы 2023-жылдын 20-февралы № 1 Багыш айыл өкмөтүнүн 2023-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бѳлүгүн бекитүү, 2024-2025-жылдарга божомолу жѳнүндѳ Багыш айыл өкмөтүнүн 2023-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бѳлүгүн бекитүү, 2024-2025-жылдарга божомолу жѳнүндѳ айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Н.Самидиновдун сунушун угуп, талкуулап жана Багыш айылдык кеңешинин бюджет, каржы, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик, транспорт, кызмат көрсөтүү жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиянын 10.02.2023-жылдагы №3 протоколдук чечимин жетекчиликке алып, Багыш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Багыш айыл өкмөтүнүн 2023-жылга жергиликтүү бюджетинин
кирешелери жалпы 33273,6 миң сом, анын ичинен жергиликтүү кирешелер 28773,6миң сом, атайын каражаттар 4500,0 миң сом жана чыгашалары 33273,6 миң сом ѳлчѳмүндѳ №1 тиркеме ылайык аткарылышы бекитилсин.
2. Жерлигиктүү бюджеттин киреше бѳлүгүнүн божомолу 2024-жылга 40670,6 миң сом, 2025-жылга 43337,6 миң сом ѳлчѳмүндѳ бекитилсин.
3. Айыл ѳкмѳтүнүн бюджеттик чыгымдары бѳлүмдѳр аралык жана статьялар аралык бѳлүнүшү 33273,6 миң сом ѳлчѳмүндѳ №2 тиркеме ылайык бекитилсин.
4. 2023-жылга электр энергиясынын лимити Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 20.06.2018-жылдагы №208-сандуу буйругуна ылайык бюджеттик мекеме-уюмдар боюнча бѳлүнүшү 652,3 миң квт ѳлчѳмүндѳ №3 тиркемеге ылайык бекитилсин жана жеткирилген лимиттерди сактоо мектеп директорлоруна, балдар бакчаларынын жетекчилерине милдеттендирилсин.Коммуналдык кызматтар жана жумуштарын (кызмат кѳрсѳтүүлѳрдүн) аткарылган кѳлѳмдѳрү боюнча карыздарды ѳз убагында жабуу үчүн айыл ѳкмѳт башчысы кѳзѳмѳл жүргүзсүн.
5. Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде тарбияланып жаткан балдардын тамак-ашы үчүн Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 27.12.2016-жылдагы №701 токтомуна ылайык күнүнѳ жергиликтүү бюджеттен кенже тайпаларга 13 сомдон, ортоңку жана жогорку тайпаларга 18 сомдон акча каражаты №4 тиркемеге ылайык 2656,5 миң сомго бекитилсин, атайын каражат тѳлѳмдѳрү (балдар бакчаларынын ата-энелер тарабынан жыйналуучу каражат) балдардын тамак-ашына жана башка чыгымдарына 4500,0 миң сом багытталып, казыналык система аркылуу №5 тиркемеге ылайык пайдаланылсын.
6. Кыргыз Республикасынын Бюджетинин Кодексинин 24-статьясына ылайык жергиликтүү бюджеттин резервдик фонду 287,0 миң сом ѳлчѳмүндѳ белгиленсин жана аны пайдалануу багыты ушул Кодексте кѳрсѳтүлгѳн жоболорго ылайык жүргүзүлсүн.
7. Айыл ѳкмѳтүнүн башкаруу бѳлүмүнүн типтүү түзүмү жана штат бирдиги Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2013-жылдын 8-июлундагы №403, 01.03.2017-ж. №131 жана 07.08.2017-жылдагы №466 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчыларынын ишин баалоо жана эмгек акы тѳлѳѳ шарттары жѳнүндѳ» токтомунун негизинде № 6 тиркемеге ылайык, эмгек акы тѳлѳѳ фонду 11690,2 миң сом, соц.фонд 1443,0 миң сом 32 штат бирдиги менен бекитилсин.
8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 05.02.2020-жылдын «Айылдык кенештерде акы төлөө негизиндеги кызмат орундарынын тизмесин бекитүү жөнүндө» №64 токтомуна ылайык Багыш айылдык кеңешинин чыгымдары жергиликтүү бюджет эсебинен эмгек акы 1087,4 миң сом, соц.фонд тѳлѳмдѳрү 139,8 миң сом, кызматтык сапар чыгымдары 15,0 миң сом, 2212 беренесине 14,0 миң сом, 2215 беренесине 20,0 миң сом, 2222 беренесине 40,0 миң сом токтомдун №7 тиркемесине ылайык 2 штаттык бирдиги менен бекитилсин.
9. Жайыт пайдалануудан чогулуучу каражаттарды ѳндүрүү жагы жайыт комитетинин тѳрагасы К.Калдыбаевке милдеттендирилсин. Жайыт жерлерине социалдык взносторду тѳлѳѳ жагы жайыт жерлерди пайдалануучу ижарачыларга жүктѳлсүн жана жайыт пайдалануудан түшкѳн акча каражаттардын эсеби 675,7 миң сом ѳлчѳмүндѳ №8 тиркемеге ылайык жалпы жайыт комитетинин чыгашасы 450,0 миң сом ѳлчѳмүндѳ бекитилсин.
10. Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 31.01.2012-жылдагы №66 токтомунун негизинде айыл ѳкмѳтүнүн маданият кызматкерлеринин штаттык бирдиги № 9 тиркемеге ылайык кармалсын жана эмгек акы тѳлѳѳ фонду 1911,8 миң сом ,соц.фонд тѳлѳмдѳрү 329,8 миң сом ѳлчѳмүндѳ 10 штат бирдиги менен бекитилсин.
11. Сапар чыгымдары Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 26.08.2008-жылдагы №471 жана Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 11.05.2016-жылдагы №241 токтомдоруна ылайык жумшалсын.
12. Айыл ѳкмѳтүнүн кызматтык автоунаасынын чыгымдары Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 30.04.2022-жылдагы №770 токтомунун негизинде жумшоосу менен №10 тиркемеге ылайык бекитилсин.
13. 2023-жылга башкаруу бѳлүмүнүн 2212 беренеси 70,0 миң сом, 2214 беренеси 303,4 миң сом, 2215 беренеси 1799,1миң сом, 2211 беренеси 74,4 миң сом, чарбалык буюмдарды 2222 беренеси 50,0 миң сом, 2231 беренесине 14,4 миң сом, 3112 беренесине 60,0 мин сом ѳлчѳмүндѳ №13 тиркемеге ылайык бекитилсин.
14. 2023-жылга турак жай коммуналдык чарбасынын чыгымдары 2213 беренеси 2,0 миң сом, 2211 беренесине 100,0 мин сом, 2215 беренеси ар түрдүү чыгымдар суммасы 441,2 миң сом, 2221 беренеси 800,0 миң сом, 2222 беренесине 5,0 миң сом, 3111 беренеси 1708,0 миң сом ѳлчѳмүндѳ 3112 беренеси 135,0 миң сом, 3113 беренеси 60,0 миң сом менен №11 тиркеме ылайык бекитилсин.
15. 2023-жылга маданият бѳлүмүнүн чыгымдары №12 тиркеме ылайык 2211 беренеси 8,0 миң сом, 2215 беренеси 100,0 миң сом, 2222 беренесине 10,0 миң сом ѳлчѳмүндѳ бекитилсин.
16. 2023-жылга билим берүү бѳлүмүнүн чыгымдары 2211 беренеси 30,0 миң сом, 2212 беренеси 15,0 миң сом, 2213 беренесине 270,0 миң сом, 2215 беренеси 226,0 миң сом, 2218 беренесине 2656,5 миң сом, 2222 беренеси 129,6 миң сом, кѳмүр сатып алуу 2224 беренеси 1245,0 миң сом, 2231 беренесине 83,0 миң сом, имараттар жана курулмалар чыгымдары 3112 беренеси 20,0 миң сом ѳлчѳмүндѳ №17 тиркемелерге бекитилсин.
17. 2023-жылга элге социалдык коргоо бѳлүмүнүн чыгымдары 2721 беренеси 350,0 миң сом ѳлчѳмүндѳ №14 тиркемеге ылайык бекитилсин.
18. Мектепке чейин билим берүу уюмдарындагы ата-энелерден 1 күн тѳлѳнүүчү каражат Кун-Нуру, Ай-Нуру, Разыбек ,Таалимтай жана Кенжетай МЧББУ-ларга, 1-март 2023-жылдан баштап 60 сом, Ж.Боконбаев м.ч.б.б.у 45 сом ѳлчѳмүндѳ тѳлѳѳ белгиленип, чогулган акча каражаты бюджетке толугу менен тѳлѳнүп иштетүү жагы уюмдардын жетекчилерине милдеттендирилсин, аталган тартип бузуулар аныкталса 100% республикалык бюджетке чегерүү белгиленсин.
19. Мамлекеттик фондунун жерлеринен түшүүчү аренда акылары жана салыктарды ѳз убагында толук ѳндүрүү жагын камсыз кылуу ага салык инспекторуна жеке милдеттендирилсин.
20. 2023-жылдын чыгаша бѳлүгүндѳ кѳрсѳтүлгѳн бюджеттин чыгымдарын аткаруу Кыргыз Республикасынын 03.04.2015-жылдагы «Мамлекеттик сатып алуулар жѳнүндѳгү мыйзамына ылайык каржылоо жана максаттуу пайдалануу жагы айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Н.Самидиновго милдеттендирилсин.
21. Бекитилген бюджетке ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 115-беренесине ылайык жүргүзүлсүн.
22. Айылдарга иш-план боюнча бѳлүнгѳн каражаттардын МСА порталынан үнѳмдѳлгѳн кѳлѳмү, башка айылдардын чечилбей калган муктаждыктарына жумшоо жагы айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Н.Самидиновго милдеттендирилсин.
23. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Багыш айылдык кеңешинин бюджет, каржы, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик, транспорт, кызмат көрсөтүү жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Э.Мамбеталиевге жүктөлсүн.
24. Токтом Багыш айыл ѳкмѳтүнүн расмий сайтында жарыялангандан жана юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып өз күчүнө кирет.
Төрага
Ж.Сейдахматов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (1)
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-июлундагы № 403 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-августундагы № 451 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу…Постановление · 08.07.2013 · № 403 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.