# Бишкек шаардык кеңешинин 2023-жылдын 31-январындагы № 66 "Бишкек шаарынын аймагында мүлккө салыкты киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Бишкек шаардык кеңешинин 2023-жылдын 31-январындагы № 66 "Бишкек шаарынын аймагында мүлккө салыкты киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 66
- Кабыл алынган күнү: 31.01.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.01.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/137432>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-13158/edition/1261777/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/137432.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.01.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бишкек шаардык кеңешинин 2023-жылдын 31-январындагы № 66 "Бишкек шаарынын аймагында мүлккө салыкты киргизүү жөнүндө" токтому (31.01.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/137432

---

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

2023-жылдын 31-январы № 66 Бишкек шаарынын аймагында мүлккө салыкты киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 5-беренесинин 5-бөлүгүнө, 37-беренесинин 3-бөлүгүнө жана «Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2023-жылдын 1-январынан тартып Бишкек шаарынын аймагында мүлккө салык ишке киргизилсин.

2. Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн салыкты администрациялоо Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык жүзөгө ашырылсын.

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.

4. Бишкек шаардык кеңешинин 2013-жылдын 19-ноябрындагы № 49 «Бишкек шаарынын аймагында мүлккө салык жана жер салыгын киргизүү жөнүндө» токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин экономика, бюджет, финансы жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэринин биринчи орун басарына жүктөлсүн.

Төрага

К. Конгантиев
