# Ак-Сай айылдык кеңешинин 2021-жылдын 16-декабрындагы № 99 "Ак-Сай айыл өкмөтүнүн аймагындагы “Таштуу жайыт жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багытындагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Ак-Сай айылдык кеңешинин 2021-жылдын 16-декабрындагы № 99 "Ак-Сай айыл өкмөтүнүн аймагындагы “Таштуу жайыт жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багытындагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 99
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.12.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/137420>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-13146/edition/1261997/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.12.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ак-Сай айылдык кеңешинин 2021-жылдын 16-декабрындагы № 99 "Ак-Сай айыл өкмөтүнүн аймагындагы “Таштуу жайыт жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багытындагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө" токтому (16.12.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/137420

---

АК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Ак-Сай айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXI сессиясы

2021-жылдын 16-декабры № 99 Ак-Сай айыл өкмөтүнүн аймагындагы “Таштуу жайыт жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багытындагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү 2016-жылдын 19-мартындагы №21-мыйзамына ылайык, 2013-жылдын 15-июль №145-мыйзамынын негизинде, айыл өкмөтүнүн аймагында жашаган жергиликтүү тургундарына жумуш орундарын түзүү жана Тажик Республикасы менен болгон чек араны бекемдөө максатында Ак-Сай айылдык кеңешинин V-чакырылышынын кезектеги ХХI-сессиясы

токтом кылат:

1. Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Ак-Сай айылынын күн батыш тарабындагы Кактын-Сайы участкасынын №1030 контурундагы 20,0(жыйырма)га жер тилкесине өнөр жай куруу үчүн, чек ара кызматкерлерине ок атуучу атайын жай үчүн №1456- контурундагы 8,0(сегиз)га жер тилкеси жалпы: 28,0(жыйырма сегиз)га “Таштуу жайыт жер”категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багытындагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.

2. Ушул токтомдун негизинде тийиштүү документтерди даярдоо жагы Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сабировго милдеттендирилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Сай айылдык кеңешинин айыл чарба, агро өнөр жайы, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, жаратылышты коргоо боюнча комиссия курамына жүктөлсүн.

Ак-Сай айылдык кеӊешинин төрагасы

А. Талиев
