# Көк-Арт айыл аймагынын Көк-Арт айылдык кеңешинин 2023-жылдын 31-январындагы № 3 "Жергиликтүү жамааттардын уставын бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Көк-Арт айыл аймагынын Көк-Арт айылдык кеңешинин 2023-жылдын 31-январындагы № 3 "Жергиликтүү жамааттардын уставын бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 31.01.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.01.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/137401>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-13138/edition/1261721/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.01.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Көк-Арт айыл аймагынын Көк-Арт айылдык кеңешинин 2023-жылдын 31-январындагы № 3 "Жергиликтүү жамааттардын уставын бекитүү жөнүндө" токтому (31.01.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/137401

---

КӨК-АРТ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Көк-Арт айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги VIII -сессиясы 2023-жылдын 31-январы № 3 Жергиликтүү жамааттардын уставын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык Көк-Арт айыл өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 30.12.2022-жылдагы №01-13/459 сандуу катын жетекчиликке алып Көк-Арт айыл өкмөтүнүн жоопту катчысы Г.А.Акпаралиеванын берген маалыматын угуп жана талкуулап Көк-Арт айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз VIII -сессиясы токтом кылат:

1. Көк-Арт айыл аймагынын Жергиликтүү жамааттарынын типтүү уставы №1 тиркемге ылайык бекитилсин.

2. Жергиликтүү жамааттарынын типтүү уставынын айрым жоболорун турмушка ашыруу боюнча усулдук көрсөтмөлөр № 2 тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. Жергиликтүү жамааттын уставын белгиленген тартипте иштеп чыгуу жана практикага киргизүү Көк-Арт айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

4. Аталган токтом Көк-Арт айыл өкмөтүнүн kugart.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

Төрага:

А.А.Энназаров.
