# Жаңы-Жол айыл аймагынын Жаңы-Жол айылдык кеңешинин 2023-жылдын 27-январындагы № 11/7 "Жаңы-Жол айыл аймагында Айылдардагы коомчулуктардын инвестициялык ассоциациясын түзүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Жаңы-Жол айыл аймагынын Жаңы-Жол айылдык кеңешинин 2023-жылдын 27-январындагы № 11/7 "Жаңы-Жол айыл аймагында Айылдардагы коомчулуктардын инвестициялык ассоциациясын түзүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 11/7
- Кабыл алынган күнү: 27.01.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.01.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/137398>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-13136/edition/1261699/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.01.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жаңы-Жол айыл аймагынын Жаңы-Жол айылдык кеңешинин 2023-жылдын 27-январындагы № 11/7 "Жаңы-Жол айыл аймагында Айылдардагы коомчулуктардын инвестициялык ассоциациясын түзүү жөнүндө" токтому (27.01.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/137398

---

ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Аксы районунун Жаңы-Жол айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XI-сессиясы 2023-жылдын 27-январы № 11/7 Жаңы-Жол айыл аймагында Айылдардагы коомчулуктардын инвестициялык ассоциациясын түзүү жөнүндө Айылдардагы коомчулуктардын инвестициялык ассоциациясын (АКИА) аткаруу комитетинин төрагасы З.Эргешбаевдин маалыматын угуп жана талкуулап,2005-жылдын 21-февралындагы №36 "Жамааттар жана алардын бирикмелери жөнүндө"Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жана 2011-жылдын 15-июлундагы №101 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жетекчиликке алып ,Жаңы-Жол айыл аймагында түзүлгөн "Айылдардагы коомчулуктардын инвестициялык ассоциациясын" айылдык кенеште каттоо боюнча Жаңы-Жол айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын XI угуп жана талкуулап,токтом кылат:

1.Айылдардагы коомчулуктардын инвестициялык ассоциациясы (АКИА) айылдык кеңештен каттоодон өткөрүлсүн.

2.Жаңы-Жол айыл аймагында түзүлгөн аткаруу комитетинин уставы Жаңы-Жол айыл аймагынын аймагында аткарылсын.(Устав тиркелет).

3.Аталган токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине каттоого жөнөтүү жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысы М.Эшалиевге жүктөлсүн.

4.Токтомду аткаруу жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары К.Надырбековго жүктөлсүн.

5.Бул токтом Аксы районунун Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн jany-jol.jalal-abad.kg веб сайтына расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет

6.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

Төрага

К.Бейшеналиев
