Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Жаңы-Жол айыл аймагынын Жаңы-Жол айылдык кеңешинин «Жаңы-Жол айыл аймагында Айылдардагы коомчулуктардын инвестициялык ассоциациясын түзүү жөнүндө» токтому
ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Аксы районунун Жаңы-Жол айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XI-сессиясы 2023-жылдын 27-январы № 11/7 Жаңы-Жол айыл аймагында Айылдардагы коомчулуктардын инвестициялык ассоциациясын түзүү жөнүндө Айылдардагы коомчулуктардын инвестициялык ассоциациясын (АКИА) аткаруу комитетинин төрагасы З.Эргешбаевдин маалыматын угуп жана талкуулап,2005-жылдын 21-февралындагы №36 "Жамааттар жана алардын бирикмелери жөнүндө"Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жана 2011-жылдын 15-июлундагы №101 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жетекчиликке алып ,Жаңы-Жол айыл аймагында түзүлгөн "Айылдардагы коомчулуктардын инвестициялык ассоциациясын" айылдык кенеште каттоо боюнча Жаңы-Жол айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын XI угуп жана талкуулап,токтом кылат:
1.Айылдардагы коомчулуктардын инвестициялык ассоциациясы (АКИА) айылдык кеңештен каттоодон өткөрүлсүн.
2.Жаңы-Жол айыл аймагында түзүлгөн аткаруу комитетинин уставы Жаңы-Жол айыл аймагынын аймагында аткарылсын.(Устав тиркелет).
3.Аталган токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине каттоого жөнөтүү жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысы М.Эшалиевге жүктөлсүн.
4.Токтомду аткаруу жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары К.Надырбековго жүктөлсүн.
5.Бул токтом Аксы районунун Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн jany-jol.jalal-abad.kg веб сайтына расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет
6.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага
К.Бейшеналиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (2)
- Жамааттар жана алардын бирикмелери жөнүндөЗакон · 21.02.2005 · № 36
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.