# Кара-Балта шаардык кеңешинин 2022 жылдын 23-декабрындагы № 01 "Кара-Балта шаарынын мэриясынын 2023-жылга карата түзүмдөрүн уюштуруу боюнча иш-процесстерин оптималдаштыруу жөнүндө " токтому

- Толук аталышы: Кара-Балта шаардык кеңешинин 2022 жылдын 23-декабрындагы № 01 "Кара-Балта шаарынын мэриясынын 2023-жылга карата түзүмдөрүн уюштуруу боюнча иш-процесстерин оптималдаштыруу жөнүндө " токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 01
- Кабыл алынган күнү: 23.12.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.12.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/137369>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-13119/edition/1261979/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/137369.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.12.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кара-Балта шаардык кеңешинин 2022 жылдын 23-декабрындагы № 01 "Кара-Балта шаарынын мэриясынын 2023-жылга карата түзүмдөрүн уюштуруу боюнча иш-процесстерин оптималдаштыруу жөнүндө " токтому (23.12.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/137369

---

КАРА-БАЛТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

2022 жылдын 23-декабры № 01 Кара-Балта шаарынын мэриясынын 2023-жылга карата түзүмдөрүн уюштуруу боюнча иш-процесстерин оптималдаштыруу жөнүндө 2021-жылдын 2-декабрындагы № 541 ПЖ "Республикалык бюджеттин чыгымдарын оптималдаштыруу, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттик каражаттарды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын аткаруу, ошондой эле бюджеттик каражаттарды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, Кара-Балта шаардык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Балта шаарынын мэриясынын жаңы башкаруу түзүмү № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кара-Балта шаарынын мэриясы жаңы юридикалык жакты – «Кара-Балта шаарынын маданият, спорт жана муниципалдык менчик башкармалыгы» мекемесин түзүү боюнча тиешелүү документтерди кыска мөөнөттө даярдасын.

3. Ушул токтомдун аткарылыш көзөмөлү бюджет, муниципалдык менчик, турак жай-коммуналдык чарба жана инвестициялар боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына, Регламент, депутаттардын этикасы жана укуттук маселелер боюнча комиссияларына жүктөлсүн.

Төрага

М. Дуйшеналиев
