# Туз айылдык кеңешинин 2022-жылдын 15-январы № 1/28-1 "Ысык-Ата районуну Туз айыл өкмөтүнүн 2022-жылга бюджетин, 2023-2024-жылдарга болжолун жана 2021-жылга бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетун бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Туз айылдык кеңешинин 2022-жылдын 15-январы № 1/28-1 "Ысык-Ата районуну Туз айыл өкмөтүнүн 2022-жылга бюджетин, 2023-2024-жылдарга болжолун жана 2021-жылга бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетун бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 1/28-1
- Кабыл алынган күнү: 15.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.01.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/137362>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-13113/edition/1261415/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/137362.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Туз айылдык кеңешинин 2022-жылдын 15-январы № 1/28-1 "Ысык-Ата районуну Туз айыл өкмөтүнүн 2022-жылга бюджетин, 2023-2024-жылдарга болжолун жана 2021-жылга бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетун бекитүү жөнүндө" токтому (15.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/137362

---

ТУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2022-жылдын 15-январы № 1/28-1 Ысык-Ата районуну Туз айыл өкмөтүнүн 2022-жылга бюджетин, 2023-2024-жылдарга болжолун жана 2021-жылга бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетун бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө” мыйзамынын 27-беренесинин, 2022-жылга райондук бюджеттин долбоорун, 2023-2024-жылдарга бюджеттин болжолун 2021-жылга бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетун кароо менен Туз айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Туз айыл өкмөтү тарабынан берилген 2021-жылга бюджеттин аткарылышы боюнча отчету 17469,8 кирешелер жана чыгашалар боюнча 17469,8 сом суммасында бекитилсин.

2. 2022-жылга бюджеттин киреше бөлүгү 9397,6 сом, анын ичинен 669,0 миң сом суммасында бекитилсин.2022-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү №1 тиркемеге ылайык бекитилсин

3. 2017-жылдын 18-октябрындагы № 08-1-2/11574 Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик Кодексин” колдонууга киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык 2021-жылга киреше салыгы боюнча пландык кирешелерден чегерүүлөрдүн нормативи бекитилсин. Ысык-Ата райондук бюджетинин салык тарабынан төлөнүчү 100% сатуудан алынуучу салык, 50% жер казынасын пайдалангандыгы үчүн салык, 50% ыктыярдуу жана милдеттүү патенттөөнүн негизиндеги салык-100%.

4. 2023-жылга жергиликтүү бюджеттин негизги параметрлеринин болжолу 9568,5 миң сом, анын ичинде 2024-жылга 669,0 миң сом 9692,5 миң сом суммасында, анын ичинде кирешелер жана чыгашалар боюнча 669,0 миң сом суммасында бекитилсин.

5. 2022-жылдын райондук бюджеттин чыгаша бөлүгүн корголгон беренелер (эмгек акы, социалдык фондко чегерүү, тамак-аш) артыкчылык негизде, ал эми иш-жүзундө алынган кирешелердин чегиндн жүргүзүлө тургандыгы белгиленсин. Чыгашалардын корголгон беренелери штаттык бош орундарга жана ченемдик укуктук актылардын кабыл алынышына байланыштуу кыскартылышы мүмкүн

6. Туз айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине2022-жылдын 1-январына карата жумушчу кассалык балансы 50 миң. сом өлчөмүндө түзүлсүн.

7. Туз айыл өкмөтүнүн башчысына 2022-жылдын бекитилген тбюджетине эркин калдыктын эсебинен, болжолдонгон кирешелерден ашыкча кирешелер, чыгашалардан ашыкча кирешелерге өзгөртүүлөрдү жана тактоолорду киргизүү укугу берилсин. Бюджеттик эсеп боюнча бош калдыктын суммасы 3254,8 миң сомду түзөт. Жыл башындагы (9-май, Нооруз, Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү) бош калган калдыгынын эсебинен үч айлык акынын өлчөмүндө үстөк акы төлөө каралсын. Жылдын акырына карата эмгек акынын үнөмдөлгөн каражаттарына жараша үстөк акыларды төлөө үчүн жеңилдиктерди камсыз кылуу бекитилген “Оор жумуштар жана эмгек шарттары зыяндуу же кооптуу жумуштар үчүн кошумча акыларды белгилөөнүн тартиби жөнүндө” жобо ылайык ай сайын кошумча төлөм жүргүзүү. Кыргыз Республикасынын Окмөтүнун 2015-жылдын 27-апрелиндеги №258 токтому менен электромагниттик нурлануунун деңгээлин өлчөө протоколуна ылайык тамак-ашка кеткен чыгымдар үчүн ай сайын 150 сом өлчөмүндө компенсация жүргүзүлсүн, анын өлчөмүнө жараша бааларды индексациялоо боюнча көбөйтүлсүн.

8. Финансы-экномика бөлүмүнүн башчысы жергиликтүү бюджетти аткаруу процессинде киреше бөлүгү ашыкча аткарылган учурда бул каражаттардын Кыргыз Республикасыны Президенти тарабынан белгиленген милдеттерди ишке ашырууга жумшалышын камсыз кылсын. Социалдык маселелерди чечүү, улуттук жана мамлекеттик программаларды ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Окмөтүнүн токтомдору, райондук мамлекеттик администрациясынын токтомдору менен мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди сыйлоо, жергиликтүү өз алдыеча башкаруу органдарына убактылуу материалдык жардам көрсөтүү, башка сатып алуулар жана чыгашалар.

9. Эсеп-кысап бөлүмүнүн башчысы райондук финансы бөлүмүнө 2022-жылга чыгашалардын сметасын берсин.

10. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Туз айылдык Кенешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

Б. К. Салтыкеев

Туз айылдык Кенешинин 2022-жылдын 15-январындагы №1 токтомуна тиркеме

Туз айыл өкмөтүнүн 2022-жылга киреше бөлүгү

Элементтер

Аталышы

сумма

11111100

Салык агенти төлөгөн киреше салыгы

3975,1

11121100

Чакан бизнес үчүн бирдиктүү салык

22,6

11122200

Ыктыярдуу патент салыгы

210,0

11311200

2-топту ишке ашыруу үчүн кыймылсыз мүлк салыгы

58,0

11311300

3-топту ишке ашыруу үчүн кыймылсыз мүлк салыгы

0,2

11312200

Транспорт салыгы

350,0

11321100

Үй тилкелери боюнча салык

159,3

11321200

Айыл чарба жерлерин колдонгондугу үчүн салык

822,7

11321300

Айыл чарба эмес жерлерди колдонгондугу үчүн салык

150,0

11462390

Жогоруда классификацияланбаган башка металлдар

33,0

14152110

Калктуу конуштарда жерди ижарага алуу үчун

162,5

14152200

Жайыт жерлерди колдонуу үчун

65,0

14152600

МФАЖ жерлерин ижарага алуу

1817,2

14224200

Таштанды чыгаруу боюнча

3,0

14511400

Иштеп чыгуу жана тейлөө үчүн чегерүү

30,0

31412100

Айыл чарба эмес жерлерди сатуу боюнча

50,0

Теңдөөчү грант

669,0

14232400

Мектепке чейинки жана мектеп тарабынан кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы төлөө

820,0

Баардыгы:

9397,6

Туз айыл өкмөтүнүн 2022-жылга бюджеттин чыгаша бөлүгү

Классификация

Бөлүмдөр

сумма

70111

Жалпы мамлекеттик кызматтар

2432,4

70311

Мыйзам тартип

10,0

70421

Жайыт комитети

43,3

70629

Турак-жай комуналдык чарба

3758,6

70821

Библиотека

266,3

70823

Клуб

374,9

70911

Бала бакча

586,1

70921

мектеп

806,0

71092

Социалдык коргоо

300,0

70911

Атайын эсеп

820,0

Баардыгы:

9397,6

Эсеп-кысап бөлүмүнүн башчысы Бектемирова Н.
