Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин «Манипулятор автоунаасын сатып алуу жөнүндө» токтому
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXI сессиясы 2022-жылдын 14-ноябры № 38 Манипулятор автоунаасын сатып алуу жөнүндө Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун 10.11.2022-жылдагы №01-18/886 чыгыш сандуу кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXI сессиясы
Токтом кылат :
1. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун кайрылуусу эске алынсын
2. Каныш-Кыя айыл өкмөтү боюнча 2022-жылдын бюджетинде бекитилип иштетилбей калган 35 048 741 (отуз беш миллион кырк сегиз миң жети жүз кырк бир) сом акча каражатынан; Каныш-Кыя айыл кеңешинин кезексиз XIX сессиясынын № 9 токтомунун негизинде Чаткал райондук өнүктүрүү фондусунан манипулятор сатып алуу Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 14-октябрындагы №220 “Региондорду өнүктүрүү фонддору жөнүндө” типтүү жобого манипулятор сатып алуу туура келбегендиктен Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө манипулятор сатып алуу үчүн 5 321 000 (беш миллион үч жүз жыйырма бир миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн ФЭБ бөлүмүнө, көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика жана финансы боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасы:
М.Аликеев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Региондорду өнүктүрүү фонддору жөнүндө типтүү жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 14-октябрындагы № 220 токтому менен бекитилди)Типовое положение · 14.10.2021 · № 220 · Күчүн жоготкон