# Каныш-Кыя айылдык кеңешинин 2022-жылдын 14-ноябрындагы № 8 "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Каныш-Кыя айылдык кеңешинин 2022-жылдын 14-ноябрындагы № 8 "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 8
- Кабыл алынган күнү: 14.11.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.11.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/137234>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-12997/edition/1259010/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Каныш-Кыя айылдык кеңешинин 2022-жылдын 14-ноябрындагы № 8 "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" токтому (14.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/137234

---

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXI сессиясы 2022-жылдын 14-ноябры № 8 Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун 14.10.2022-жылдагы № 01-18/774 чыгыш сандуу Каныш-Кыя айыл аймагындагы айыл чарба багытынын жайыт жеринен 196,20 га жер аянтын калктуу конуштар категориясына которуу жөнүндө жазган кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXI сессиясы

Токтом кылат:

1. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун кайрылуусу эске алынсын.

2. Каныш-Кыя айыл аймагындагы калктын саны өсүп, жергиликтүү тургундарга турак үй салуу үчүн жер аянттарынын тартыштыгын эске алып, Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн кайрылуусунда көрсөтүлгөн Чакмак-Суу айылынан, Башкы-Терек айылынан, Каныш-Кыя айылынын Социалызим участкасынан, Айгыр-Жал айылынын Түпкүр, Кара-Шоро участкасынан жана Жер-Капчыгай айылынын Өрдөш участкасындагы айыл чарба багытындагы жалпы 196,20 га жер аянттарын Кыргыз Республикасынын Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө 2013-жылдын 15-июлундагы №145 мыйзамынын 12-беренесинин 3-пунктуна ылайык калктуу конуштар категариясына которууга жана башкы план жасатууга макулдук берилсин.

3. Үй салуу үчүн арыз менен кайрылган ар бир жаранга 0,13 га жер тилкеси бөлүнүп берилсин.

4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.

5. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

6. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековго, көзөмөлдөө жагы социалдык маселелер боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.

Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасы:

М.Аликеев
