# Ак-Шыйрак айылдык кеңешинин 2022-жылдын 27-декабрындагы № 34 "Ак-Шыйрак айыл аймагынын Жергиликтүү жамааттарынын уставын бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Ак-Шыйрак айылдык кеңешинин 2022-жылдын 27-декабрындагы № 34 "Ак-Шыйрак айыл аймагынын Жергиликтүү жамааттарынын уставын бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 34
- Кабыл алынган күнү: 27.12.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.12.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/137214>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-12979/edition/1258116/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.12.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ак-Шыйрак айылдык кеңешинин 2022-жылдын 27-декабрындагы № 34 "Ак-Шыйрак айыл аймагынын Жергиликтүү жамааттарынын уставын бекитүү жөнүндө" токтому (27.12.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/137214

---

АК-ШЫЙРАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

2022-жылдын 27-декабры № 34 Ак-Шыйрак айыл аймагынын Жергиликтүү жамааттарынын уставын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттикти 2022-жылдын 12-декабрындагы №279 “Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү жаматтарынын типтүү уставын бекитүү жөнүндө” буйругунун негизинде Ак-Шыйрак айылдык кеңешинин сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ак-Шыйрак айыл аймагынын Жергиликтүү жамааттарынын уставы №1 тиркемеге ылайык бекитилсин (тирелет).

2. Ак-Шыйрак айыл аймагынын жергиликтүү жамааттарынын уставынын айрым жоболорун турмушка ашыруу боюнча усулдук көрсөтмөлөр №2 тиркемеге ылайык бекитилсин (тирелет).

3. Ак-Шыйрак айыл аймагынын Жергиликтүү жамааттарынын уставы айыл аймагында аткарууга алынсын.

4. Ак-Шыйрак айыл аймагынын Жергиликтүү жамааттарынын уставын мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы А.Шакеевага тапшырылсын.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Асаналиевге жана айылдык кеңештин бюджет жана пландоо боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

Төрайым

С.Абдыбекова
