# Ала-Бука айылдык кеңешинин 2023-жылдын 6-февралындагы № 19/5 "Ала-Бука айыл аймагынын Жергиликтүү жамааттарынын Типтүү Уставын бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Ала-Бука айылдык кеңешинин 2023-жылдын 6-февралындагы № 19/5 "Ала-Бука айыл аймагынын Жергиликтүү жамааттарынын Типтүү Уставын бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 19/5
- Кабыл алынган күнү: 06.02.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.02.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/137198>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-12965/edition/1255827/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.02.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ала-Бука айылдык кеңешинин 2023-жылдын 6-февралындагы № 19/5 "Ала-Бука айыл аймагынын Жергиликтүү жамааттарынын Типтүү Уставын бекитүү жөнүндө" токтому (06.02.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/137198

---

АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

2023-жылдын 6-февралы № 19/5 Ала-Бука айыл аймагынын Жергиликтүү жамааттарынын Типтүү Уставын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 21-беренесине ылайык жана айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо жана депутаттардын этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2023-жылдын 6-февралындагы отурумунун корутундусун карап чыгып, талкуулап, Ала-Бука айылдык кеңешинин XXVII-чакырылышынын кезектеги XIX-сессиясы токтом кылат:

1.Ала-Бука айыл аймагынын Жергиликтүү жамааттарынын Типтүү Уставын тиркемеге ылайык бекитүүгө макулдук берилсин.

2.Ала-Бука айыл аймагынын Жергиликтүү жамааттарынын Типтүү Уставында көрсөтүлгөн жергиликтүү жамааттардын ички жашоо-тиричилигинин негизги принциптери жана эрежелери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жөнгө салынсын.

3. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо жана депутаттардын этика маселелери боюнча туруктуу комиссия мүчөлөрүнө жүктөлсүн.

Айылдык кеңешинин төрагасы

А. Умаров
