# Чоң-Сары-Ой айылдык кеңешинин 2021-жылдын 3-мартындагы № 256 "Арыздарды кароо боюнча" токтому

- Толук аталышы: Чоң-Сары-Ой айылдык кеңешинин 2021-жылдын 3-мартындагы № 256 "Арыздарды кароо боюнча" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 256
- Кабыл алынган күнү: 03.03.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.03.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/137082>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-12858/edition/1254257/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.03.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Чоң-Сары-Ой айылдык кеңешинин 2021-жылдын 3-мартындагы № 256 "Арыздарды кароо боюнча" токтому (03.03.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/137082

---

ЧОҢ-САРЫ-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Эл депутаттарынын Чоң-Сары-Ой айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXXVII сессиясы 2021-жылдын 3-марты № 256 Арыздарды кароо боюнча Кыргыз Республикасынын Жаныбарларды жана жаныбарлардан алынган азыктарды идентификациялоо жөнүндө Мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 5-декабрынын №694 жаныбарларды идентификациялоо эрежесин бекитүү жөнүндө токтомун ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 7-майынын №256 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын жобосун, жана айыл аймактын ветеринардык адистердин кайрылуусун карап, талкуулап чыгып Чоң-Сары-Ой айылдык кеңеши токтом кылат:

1. Айыл аймак боюнча ветеринардык адистердин көрсөткөн кызматын кошкондо бир баш жылкыга чип басуу 220(эки жүз жыйырма) сом тарифи менен бекитилсин.

2. Токтомдун аткарылышы Чоң-Сары-Ой айыл Өкмөтүнүн башчысы У.Абдырахмановго милдеттендирилсин.

3. Токтомду каттоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн облустук Юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

4. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы «Жер агрардык реформа кайра иштетүү өнөр-жай, курулуш, байланыш, транспорт, отун-энергетика боюнча труктуу комиссияларына тапшырылсын.

Төрага

Э.Кожокеев
