# Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 24-декабрындагы № 239 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 24-декабрындагы № 239 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 239
- Кабыл алынган күнү: 24.12.2003
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 08.08.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1370>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1310/edition/1277318/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1370.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 24-декабрындагы № 239 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы (08.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1370

---

КР 2023-жылдын 8-августундагы № 169 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2003-жылдын 24-декабры № 239

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө

2003-жылдын 13-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан кабыл алынган

### [1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1370/st-1)

(КР 2013-жылдын 19-октябрындагы N 195 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

### [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1370/st-2)

"Кыргыз Республикасындагы тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1997-ж., N 8, 376-ст.) төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин: 13-статьянын экинчи бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасынын Президентинин Указдарында белгиленүүчү" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан бекитилүүчү" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

### [3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1370/st-3)

Ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. "Эркинтоо" гезитинин 2003-жылдын 30-декабрындагы N 97 санында жарыяланган

### [4-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1370/st-4)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Акаев
