# 9-статья. Кызматкерлердин эмгектик укуктарын коргоо боюнча кесиптик бирликтердин укуктары

- Документ: [Кесиптик бирликтер жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/137)
- Документтеги орду: II бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 16-октябрындагы № 130 "Кесиптик бирликтер жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 130
- Кабыл алынган күнү: 16.10.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 4 августа 2004 года № 105 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О профессиональных союзах"](https://aqlex.ai/kg/doc/1504)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/137#diff=1250106..1250107>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/137/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-125/edition/1250106/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/137/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кесиптик бирликтер жөнүндө, 9-статья (21.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/137/st-9

---

Кесиптик бирликтер өз мүчөлөрүнүн эмгекке болгон укуктарын коргойт, иш менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик саясатты иштеп чыгууга катышат, жарандардын иш менен камсыз болушуна жана Кыргыз Республикасынын эмгек жана иш менен камсыз кылуу жөнүндө мыйзамдарынын сакталышына коомдук контролду жүзөгө ашырат; ишканалардан иштен бошотулган адамдарды жамааттык келишим, макулдашуу тарабынан мыйзамдардын негизинде аныкталуучу социалдык жактан коргоо чараларын сунуш кылат. Ишкананын жана анын түзүмдүк бөлүкчөлөрүнүн менчигинин түрүн өзгөртүү, аны жоюу, кайра уюштуруу, жумуш берүүчүнүн, менчик ээсинин же ал тарабынан ыйгарым укук берилген башкаруу органынын демилгеси боюнча жумушчу орундарынын кыскарышына же эмгек шарттарынын төмөндөшүнө алып келе турган өндүрүштүн толук же жарым-жартылай токтошу тиешелүү кесиптик бирликтерге үч айдан кечиктирилбестен алдын ала кабарланган жана алар менен кызматкерлердин укуктарын жана кызыкчылыктарын сактоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн шартта гана жүзөгө ашырылышы мүмкүн. (КР 2004-жылдын 4-августундагы № 105 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [8-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/137/st-8)  
Кийинки берене: [10-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/137/st-10)
