Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
9-статья. Кызматкерлердин эмгектик укуктарын коргоо боюнча кесиптик бирликтердин укуктары
Күчүндө · 21.10.2025 редакциясы · II бөлүм
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 4 августа 2004 года № 105
Кесиптик бирликтер өз мүчөлөрүнүн эмгекке болгон укуктарын коргойт, иш менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик саясатты иштеп чыгууга катышат, жарандардын иш менен камсыз болушуна жана Кыргыз Республикасынын эмгек жана иш менен камсыз кылуу жөнүндө мыйзамдарынын сакталышына коомдук контролду жүзөгө ашырат; ишканалардан иштен бошотулган адамдарды жамааттык келишим, макулдашуу тарабынан мыйзамдардын негизинде аныкталуучу социалдык жактан коргоо чараларын сунуш кылат. Ишкананын жана анын түзүмдүк бөлүкчөлөрүнүн менчигинин түрүн өзгөртүү, аны жоюу, кайра уюштуруу, жумуш берүүчүнүн, менчик ээсинин же ал тарабынан ыйгарым укук берилген башкаруу органынын демилгеси боюнча жумушчу орундарынын кыскарышына же эмгек шарттарынын төмөндөшүнө алып келе турган өндүрүштүн толук же жарым-жартылай токтошу тиешелүү кесиптик бирликтерге үч айдан кечиктирилбестен алдын ала кабарланган жана алар менен кызматкерлердин укуктарын жана кызыкчылыктарын сактоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн шартта гана жүзөгө ашырылышы мүмкүн. (КР 2004-жылдын 4-августундагы № 105 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 21.10.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 4 августа 2004 года № 105 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О профессиональных союзах"Редакцияларды салыштыруу
04.08.2004 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…бөлүкчөлөрүнүн менчигинин түрүн өзгөртүү, аны жоюу, кайра уюштуруу, алынып салынды: жалдоочунун, кошулду: жумуш берүүчүнүн, менчик ээсинин же ал тарабынан ыйгарым укук берилген башкаруу … боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн шартта гана жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
кошулду: (КР 2004-жылдын 4-августундагы № 105 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 15-сентябрындагы № 637 "Кыргыз Республикасында лотереялык ишке тыюу салуу жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана…Постановление · 15.09.2015 · № 637 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/137/st-9" title="9-статья - Кесиптик бирликтер жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>