# 6-статья. Кесиптик бирликтерди, баштапкы кесиптик бирлик уюмдарын кайра уюштуруу, ишин токтотуу, токтото туруу, ага тыюу салуу жана жоюу

- Документ: [Кесиптик бирликтер жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/137)
- Документтеги орду: I бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 16-октябрындагы № 130 "Кесиптик бирликтер жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 130
- Кабыл алынган күнү: 16.10.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/137/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-125/edition/1250106/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/137/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кесиптик бирликтер жөнүндө, 6-статья (21.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/137/st-6

---

Кесиптик бирликтерди же баштапкы кесиптик бирлик уюмдарын кайра уюштуруу же ишин токтотуу анын мүчөлөрүнүн чечими боюнча кесиптик бирликтердин уставы, баштапкы кесиптик бирлик уюмдары жөнүндө жобо тарабынан аныкталган тартипте, ал эми кесиптик бирликтерди же баштапкы кесиптик бирлик уюмдарын юридикалык жак катары жоюу юридикалык жактарды каттоо жөнүндөгү мыйзамдарга ылайык жүзөгө ашырылат. Кесиптик бирликтердин республикалык бирикмелеринин иши Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына каршы келген учурларда, ал алты айга чейинки мөөнөткө токтото турулат же ага Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун чечими тарабынан тыюу салынат. Аймактык кесиптик бирликтердин, алардын бирикмелеринин же баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын иши Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына каршы келген учурларда ал алты айга чейинки мөөнөткө токтото турулушу же ага тиешелүү областтын, шаардын же райондун прокурорунун сунушу боюнча тиешелүү жергиликтүү соттун чечими тарабынан тыюу салынышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [5-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/137/st-5)  
Кийинки берене: [7-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/137/st-7)
