# 21-статья. Кесиптик бирликтердин мүлктүк укуктарынын кепилдиктери

- Документ: [Кесиптик бирликтер жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/137)
- Документтеги орду: III бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 16-октябрындагы № 130 "Кесиптик бирликтер жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 130
- Кабыл алынган күнү: 16.10.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 21 октября 2025 года № 225 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам отчетности отдельных некоммерческих организаций"](https://aqlex.ai/kg/doc/230033465)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/137#diff=1250107..40270>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/137/st-21>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-125/edition/1250106/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/137/st-21.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кесиптик бирликтер жөнүндө, 21-статья (21.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/137/st-21

---

Кесиптик бирликтер уставдык ишин камсыз кылуу үчүн зарыл болгон өздөрүнө менчик укугунда таандык мүлккө жана акча каражаттарына ээлик кылат, аларды пайдаланат жана тескейт. Кесиптик бирликтердин менчиги менчиктештирилүүгө тийиш эмес. Кесиптик бирликтер өздөрүнүн уставдык максаттарына жана милдеттерине ылайык мыйзамдар тарабынан белгиленген тартипте кесиптик бирдиктердин банктарын, камсыздандыруу, маданий-агартуу жана башка фонддорун түзүүгө, ошондой эле тышкы экономикалык, санаторийлик-курорттук, туристтик жана спорттук ишти жүзөгө ашырууга укуктуу. Кесиптик бирликтер мамлекеттик, чарбалык, кооперативдик жана башка коомдук уюмдардын милдеттенмелери боюнча жооп бербейт, алар өз кезегинде кесиптик бирликтердин милдеттенмелери боюнча жооп бербейт.

Кесиптик бирликтердин бюджетинин каражаттарынын булактары, аны түзүү жана пайдалануу тартиби ушул Мыйзамдын 211-статьясында белгиленген өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен кесиптик бирликтердин уставдары жана жамааттык келишимдер менен аныкталат. Кесиптик бирликтердин финансылык иши ушул Мыйзамдын 211-статьясында белгиленген өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен алардын уставдарына ылайык жүргүзүлөт. (КР 2025-жылдын 21-октябрындагы № 225 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [20-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/137/st-20)  
Кийинки берене: [211-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/137/st-211)
