# 18-статья. Кесиптик бирликтердин маалыматка болгон укуктары

- Документ: [Кесиптик бирликтер жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/137)
- Документтеги орду: II бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 16-октябрындагы № 130 "Кесиптик бирликтер жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 130
- Кабыл алынган күнү: 16.10.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 4 августа 2004 года № 105 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О профессиональных союзах"](https://aqlex.ai/kg/doc/1504)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/137#diff=1250106..1250107>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/137/st-18>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-125/edition/1250106/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/137/st-18.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кесиптик бирликтер жөнүндө, 18-статья (21.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/137/st-18

---

Кесиптик бирликтер өзүнүн уставдык ишин жүргүзүү үчүн жумуш берүүчүдөн, ошондой эле мамлекеттик органдардан эмгек жана социалдык-экономикалык өнүгүү менен байланышкан маселелер боюнча маалыматтарды акысыз жана тоскоолсуз алууга укуктуу. Кесиптик бирликтер өз ишин маалымдоо каражаттарында чагылдырууга, өздөрүнүн маалымдоо каражаттарын түзүүгө укуктуу, социологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүп, илимий, маалыматтык, окуу, усулдук, изилдөө борборлоруна ээ боло алышат. Кесиптик бирликтердин өкүлдөрү кесиптик бирликтин мүчөлөрү иштеген ишканаларга жана жумуш орундарына өздөрүнүн уставдык милдеттерин аткаруу жана укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн тоскоолсуз кирүүгө укуктуу. (КР 2004-жылдын 4-августундагы № 105 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [17-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/137/st-17)  
Кийинки берене: [19-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/137/st-19)
