# 17-статья. Кесиптик бирликтердин социалдык жана эмгектик маселелер боюнча мамлекеттик жана өндүрүштүк иштерди башкарууга катышуу укугу

- Документ: [Кесиптик бирликтер жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/137)
- Документтеги орду: II бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 16-октябрындагы № 130 "Кесиптик бирликтер жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 130
- Кабыл алынган күнү: 16.10.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/137/st-17>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-125/edition/1250106/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/137/st-17.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кесиптик бирликтер жөнүндө, 17-статья (21.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/137/st-17

---

Кесиптик бирликтер мамлекеттин социалдык-экономикалык саясатын иштеп чыгууга, социалдык жана эмгектик маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларын иштеп чыгууга үч тараптуу өнөктүктүк тутумунда тең укуктуу социалдык өнөк катары катышат. Кесиптик бирликтер эмгектик жана социалдык-экономикалык маселелер боюнча мыйзам жана башка ченемдик актыларды кабыл алуу, өзгөртүү же алып салуу жөнүндө сунуштарды мамлекеттик бийлик органдарына киргизүүгө укуктуу. Кесиптик бирликтер башка өкүлчүлүк органдарына өз өкүлдөрүн шайлнуу үчүн талапкер кылып көрсөтүүгө укуктуу. Кесиптик бирликтер ишканалардын башкармаларынын коллегиалдуу органдарында өз өкүлдөрүнүн болушуна укуктуу. Кесиптик бирликтер миграция, калкты иш менен камсыз кылуу, эмгек, баа түзүү жана социалдык жактан камсыз кылуу маселелери боюнча мамлекеттер аралык макулдашууларды түзүүгө катышууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [16-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/137/st-16)  
Кийинки берене: [18-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/137/st-18)
