17-статья. Кесиптик бирликтердин социалдык жана эмгектик маселелер боюнча мамлекеттик жана өндүрүштүк иштерди башкарууга катышуу укугу
Күчүндө · 21.10.2025 редакциясы · II бөлүм
Кесиптик бирликтер мамлекеттин социалдык-экономикалык саясатын иштеп чыгууга, социалдык жана эмгектик маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларын иштеп чыгууга үч тараптуу өнөктүктүк тутумунда тең укуктуу социалдык өнөк катары катышат. Кесиптик бирликтер эмгектик жана социалдык-экономикалык маселелер боюнча мыйзам жана башка ченемдик актыларды кабыл алуу, өзгөртүү же алып салуу жөнүндө сунуштарды мамлекеттик бийлик органдарына киргизүүгө укуктуу. Кесиптик бирликтер башка өкүлчүлүк органдарына өз өкүлдөрүн шайлнуу үчүн талапкер кылып көрсөтүүгө укуктуу. Кесиптик бирликтер ишканалардын башкармаларынын коллегиалдуу органдарында өз өкүлдөрүнүн болушуна укуктуу. Кесиптик бирликтер миграция, калкты иш менен камсыз кылуу, эмгек, баа түзүү жана социалдык жактан камсыз кылуу маселелери боюнча мамлекеттер аралык макулдашууларды түзүүгө катышууга укуктуу.
Берененин тексти 21.10.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
17-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/137/st-17" title="17-статья - Кесиптик бирликтер жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>