# 12-статья. Кесиптик бирликтердин жарандарды социалдык жактан коргоо боюнча укуктары

- Документ: [Кесиптик бирликтер жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/137)
- Документтеги орду: II бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 16-октябрындагы № 130 "Кесиптик бирликтер жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 130
- Кабыл алынган күнү: 16.10.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/137/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-125/edition/1250106/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/137/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кесиптик бирликтер жөнүндө, 12-статья (21.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/137/st-12

---

Кесиптик бирликтердин жарандардын эмгек акысынын шарттары жана аны төлөө, эмгекти коргоо жана өндүрүштөгү коопсуздук, турак жай шарттары, социалдык камсыздандыруу, эмгекчилердин ден соолугун жана маданий кызыкчылыктарын коргоо, пенсия менен камсыз кылуу жаатындагы укуктарын коргоо боюнча укуктары Кыргыз Республикасынын тиешелүү мыйзамдары тарабынан жөнгө салынат. Кесиптик бирликтердин республикалык аймактык бирикмелери жана баштапкы кесиптик бирлик уюмдары өз компетенциясынын чегинде эмгекчилерди социалдык жана экономикалык жактан коргоо чараларын иштеп чыгууга, калктын жашоо денгээлинин негизги чен-өлчөмдөрүн, компенсациялардын өлчөмдөрүн баалардын индексинин өзгөрүшүнө жараша аныктоого катышат, мыйзам тарабынан белгиленген жашоо минимумун жана пенсиялардын, стипендиялардын, пособиелердин өлчөмдөрүнүн сакталышын контролдоону жүзөгө ашырат, жарандардын социалдык укуктарын бузгандарга карата сотко доо арызы менен кайрылууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [11-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/137/st-11)  
Кийинки берене: [13-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/137/st-13)
