# 11-статья. Кесиптик бирликтердин сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жана жамааттык келишимдерди, макулдашууларды түзүү укугу

- Документ: [Кесиптик бирликтер жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/137)
- Документтеги орду: II бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 16-октябрындагы № 130 "Кесиптик бирликтер жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 130
- Кабыл алынган күнү: 16.10.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 21 октября 2025 года № 225 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам отчетности отдельных некоммерческих организаций"](https://aqlex.ai/kg/doc/230033465)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 21.10.2025 [Закон КР от 21 октября 2025 года № 225 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам отчетности отдельных некоммерческих организаций"](https://aqlex.ai/kg/doc/230033465); 04.08.2004 [Закон КР от 4 августа 2004 года № 105 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О профессиональных союзах"](https://aqlex.ai/kg/doc/1504)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/137#diff=1250107..40270>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/137/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-125/edition/1250106/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/137/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кесиптик бирликтер жөнүндө, 11-статья (21.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/137/st-11

---

Кесиптик бирликтер мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары жана жумуш берүүчүлөрдүн бирикмелери, жумуш берүүчүлөр (алардын өкүлдөрү) менен эмгектик жана социалдык-экономикалык мамилелерде социалдык өнөк катары чыгышат. Кесиптик бирликтер жана алардын органдары жумуш берүүчүнүн администрациясы, менчиктин ээси же ал тарабынан ыйгарым укуктар берилген башкаруу органы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө, кызматкердин атынан республикалык, тармактык жана аймактык деңгээлдерде жамааттык келишимдерди, макулдашууларды түзүүгө, алардын аткарылышын контролдоого укуктуу. Кесиптик бирликтер: Кыргыз Республикасынын Кесиптик бирликтер федерациясы, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана жумуш берүүчүлөрдүн бирикмелеринин ортосундагы башкы макулдашууларды; республикалык тармактык кесиптик бирликтердин жана министрликтердин, ведомстволордун ортосундагы макулдашууларды; кесиптик бирликтердин аймактык бирикмелеринин, жумуш берүүчүлөрдүн жана жергиликтүү аткаруу бийлик органдарынын ортосундагы макулдашууларды; жумуш берүүчүлөр менен жамааттык келишимдерди түзүү жолу менен өз мүчөлөрүнүн эмгектик, социалдык-экономикалык укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргойт. Макулдашуулар жана жамааттык келишимдер менчигинин түрүнө карабастан, тиешелүү аймактагы же тармактык ишканалар, уюмдар жана мекемелер үчүн, ошондой эле трансулуттук корпорациялардын финансылык-өнөр жайлык топтору, чет өлкөлүк капиталы бар ишканалар үчүн милдеттүү юридикалык күчкө ээ болот. Кесиптик бирликтер ишканалардын кызматкерлеринин өкүлчүлүк органдары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө, өздөрүнүн үгүттүк материалдарын таркатууга укуктуу. (КР 2004-жылдын 4-августундагы № 105, 2025-жылдын 21-октябрындагы № 225 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [10-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/137/st-10)  
Кийинки берене: [12-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/137/st-12)
