# 10-статья. Кесиптик бирликтер органынын талабы боюнча эмгек келишимин бузуу

- Документ: [Кесиптик бирликтер жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/137)
- Документтеги орду: II бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 16-октябрындагы № 130 "Кесиптик бирликтер жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 130
- Кабыл алынган күнү: 16.10.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 4 августа 2004 года № 105 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О профессиональных союзах"](https://aqlex.ai/kg/doc/1504)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/137#diff=1250106..1250107>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/137/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-125/edition/1250106/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/137/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кесиптик бирликтер жөнүндө, 10-статья (21.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/137/st-10

---

Эгерде ал эмгек жөнүндө мыйзамдарды бузса же жамааттык келишим боюнча милдеттенмелерди аткарбаса, жумуш берүүчү кесиптик бирлик органынын талабы боюнча мамлекеттик ишкананын кызмат адамы менен эмгек келишимин бузууга же аны ээлеген кызматынан түшүрүүгө милдеттүү. Эгерде менчигинин түрү мамлекеттик эмес ишкананын жумуш берүүчүсү же кызмат адамы тарабынан эмгек жөнүндө мыйзамды бузууга, кызматкердин эмгектик укуктарын кысмакка алууга жол берилсе, анда кесиптик бирлик органынын талабы боюнча ал ээлеген кызматынан 6 айга чейинки мөөнөткө четтетилиши мүмкүн. Кесиптик бирлик органынын эмгек келишимин бузуу жана ээлеген кызматтан четтетүү жөнүндө талабы кызмат адамы же жумуш берүүчү тарабынан он күндүк мөөнөттө жогору турган кесиптик бирлик органына даттанылышы мүмкүн, анын чечими биротоло болуп саналат. (КР 2004-жылдын 4-августундагы № 105 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [9-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/137/st-9)  
Кийинки берене: [11-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/137/st-11)
