# Ак-Татыр айылдык кеңешинин 2022-жылдын 2-июну № 21 "Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн аймагындагы Говсувар айылынын атын алмаштыруу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Ак-Татыр айылдык кеңешинин 2022-жылдын 2-июну № 21 "Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн аймагындагы Говсувар айылынын атын алмаштыруу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 21
- Кабыл алынган күнү: 02.06.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 02.06.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/136961>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/136961/edition/1253969/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.06.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ак-Татыр айылдык кеңешинин 2022-жылдын 2-июну № 21 "Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн аймагындагы Говсувар айылынын атын алмаштыруу жөнүндө" токтому (02.06.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/136961

---

АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Ак-Татыр айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз XXIV сессиясы

2022-жылдын 2-июну № 21

Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн аймагындагы Говсувар айылынын атын алмаштыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Стратегиялык объектилеринин тизмегин бекитүү жөнүндө 2014-жылдын 17-февралы Токтом № 99, 2021-жылдын 16 июнундагы № 80 токтомдорунун редакциясына ылайык, жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 26-июнундагы № 359 токтомуна ылайык, Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн аймагындагы Говсувар айылынын аты тажик тилине жакын болгондугуна байланыштуу Говсувар айыл атын Орто-Боз айылы деп атын өзгөртүү боюнча жогоруда келген каттардын негизинде карап чыгып Ак-Татыр айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз XXIV сессиясы токтом кылат

1. Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн аймагындагы Говсувар айылынын атын, Орто-Боз айылы деп өзгөртүүгө уруксат берилсин.

2. Ушул токтомдун аткарылышы айыл өкмөт башчысы К. Нурмаматовго жүктөлсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Ак-Татыр айылдык кеңешинин айыл чарба, агро өнөр жайы, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага

Ибрагим уулу Т.
