# КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 13-майындагы № 217 "Техникалык жөнгө салуу боюнча эксперттик комиссияны түзүү тартиби жана анын иши жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 13-майындагы № 217 "Техникалык жөнгө салуу боюнча эксперттик комиссияны түзүү тартиби жана анын иши жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 217
- Кабыл алынган күнү: 13.05.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.02.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/13683>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-2836/edition/1236003/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/13683.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.02.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 13-майындагы № 217 "Техникалык жөнгө салуу боюнча эксперттик комиссияны түзүү тартиби жана анын иши жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (17.02.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/13683

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 13-майы № 217 Техникалык жөнгө салуу боюнча эксперттик комиссияны түзүү тартиби жана анын иши жөнүндө жобону бекитүү тууралуу (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы № 78 токтомунун редакциясына ылайык) "Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы № 78 токтомунун редакциясына ылайык)

1. Техникалык жөнгө салуу боюнча эксперттик комиссияны түзүү тартиби жана анын иши жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 4-августундагы № 565 "Техникалык жөнгө салуу боюнча эксперттик комиссияларды түзүүнүн тартиби жана алардын ишмердиги жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 27-августундагы № 373 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жана күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" токтомунун 76-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 1-июлундагы № 395 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомуна тиркеменин 11-пункту.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 24-майындагы № 42 жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

М. Абылгазиев
