# КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-майындагы № 212 "Аймактарды топторго, уюмдарды - Жарандык коргонуу боюнча категорияларга киргизүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-майындагы № 212 "Аймактарды топторго, уюмдарды - Жарандык коргонуу боюнча категорияларга киргизүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 212
- Кабыл алынган күнү: 06.05.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.03.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/13671>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-2832/edition/1266574/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/13671.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.03.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-майындагы № 212 "Аймактарды топторго, уюмдарды - Жарандык коргонуу боюнча категорияларга киргизүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтому (29.03.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/13671

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 6-майы № 212 Аймактарды топторго, уюмдарды - Жарандык коргонуу боюнча категорияларга киргизүү тартибин бекитүү жөнүндө

(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-июлундагы № 336, 2024-жылдын 29-мартындагы № 141 токтомдорунун редакциясына ылайык)

"Жарандык коргонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесин аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Аймактарды топторго, уюмдарды - Жарандык коргонуу боюнча категорияларга киргизүү тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 27-сентябрындагы № 658 "Аймактарды топторго, уюмдарды - жарандык коргонуу боюнча категорияларга киргизүү эрежелери жана критерийлерди бекитүү тууралуу" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

3. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-мартындагы № 141 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

4. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-мартындагы № 141 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

5. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-июлундагы № 336 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

М.Абылгазиев
