# КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-майындагы № 208 "2017-жылдын 3-ноябрында Ташкент шаарында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин алкагында Терроризмге жана экстремизмдин башка зомбулук көрүнүштөрүнө, ошондой эле аларды каржылоого каршы күрөшүү чөйрөсүндө маалымат алмашуу жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-майындагы № 208 "2017-жылдын 3-ноябрында Ташкент шаарында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин алкагында Терроризмге жана экстремизмдин башка зомбулук көрүнүштөрүнө, ошондой эле аларды каржылоого каршы күрөшүү чөйрөсүндө маалымат алмашуу жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 208
- Кабыл алынган күнү: 03.05.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.08.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/13666>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-2830/edition/1080703/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/13666.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.08.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-майындагы № 208 "2017-жылдын 3-ноябрында Ташкент шаарында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин алкагында Терроризмге жана экстремизмдин башка зомбулук көрүнүштөрүнө, ошондой эле аларды каржылоого каршы күрөшүү чөйрөсүндө маалымат алмашуу жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу" токтому (18.08.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/13666

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 3-майы № 208 2017-жылдын 3-ноябрында Ташкент шаарында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин алкагында Терроризмге жана экстремизмдин башка зомбулук көрүнүштөрүнө, ошондой эле аларды каржылоого каршы күрөшүү чөйрөсүндө маалымат алмашуу жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августундагы № 143 токтомунун редакциясына ылайык)

Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2017-жылдын 3-ноябрында Ташкент шаарында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин алкагында Терроризмге жана экстремизмдин башка зомбулук көрүнүштөрүнө, ошондой эле аларды каржылоого каршы күрөшүү чөйрөсүндө маалымат алмашуу жөнүндө макулдашуу (мындан ары - Макулдашуу) бекитилсин.

2. Макулдашуунун алкагында маалымат алмашууга жооптуу компетенттүү органдар катары төмөнкүлөр аныкталсын:

- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети;

- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги;

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы.

(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августундагы № 143 токтомунун редакциясына ылайык)

3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө кабарласын.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 14-майындагы N 39 жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

М.Абылгазиев
