# Кайыңды шаардык кеңешинин 2021-жылдын 30-ноябрындагы № 23/VII-2 "Кайыңды шаарынын мэриясынын 2021- жылындагы бюджетине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кайыңды шаардык кеңешинин 2021-жылдын 30-ноябрындагы № 23/VII-2 "Кайыңды шаарынын мэриясынын 2021- жылындагы бюджетине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 23/VII-2
- Кабыл алынган күнү: 30.11.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.11.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/136612>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-12451/edition/1244043/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/136612.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кайыңды шаардык кеңешинин 2021-жылдын 30-ноябрындагы № 23/VII-2 "Кайыңды шаарынын мэриясынын 2021- жылындагы бюджетине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому (30.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/136612

---

КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ 2021-жылдын 30-ноябры № 23/VII-2

Кайыңды шаарынын мэриясынын 2021- жылындагы бюджетине өзгөртүү киргизүү жөнүндө Бюджеттин киреше бөлүгүндө пландан тышкары кирешелерди эске алуу менен каржы жана үнөм бөлүмүнүн башчысынын маалыматын угуп, ошондой эле “ Кайыңды сервис” муниципалдык ишканасынын башчысынын катынын негизинде, “ Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “ Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 708 жана 109 беренелеринин негизинде, Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы токтом кылат:

1.Кайыңды шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик боюнча бөлүмүнө – 3500,0 мин сомго 311 “Башка автотранспорт каражаттарын алуу” беренесинин негизинде 1(даана) эксковатор сатып алууга макулдук берилсин жана балдар аянтчаларын 4 (даана) өлчөмүндө сатып алууга жана орнотууга макулдук берилсин.

2.Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу милдети Кайыңды шаардык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.

Төраганын м.а. У.Б. Абдрасулов
