Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кайыңды шаардык кеңешинин «Кайыңды шаарынын мэриясынын 2021- жылындагы бюджетине өзгөртүү киргизүү жөнүндө» токтому
КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ 2021-жылдын 30-ноябры № 23/VII-2
Кайыңды шаарынын мэриясынын 2021- жылындагы бюджетине өзгөртүү киргизүү жөнүндө Бюджеттин киреше бөлүгүндө пландан тышкары кирешелерди эске алуу менен каржы жана үнөм бөлүмүнүн башчысынын маалыматын угуп, ошондой эле “ Кайыңды сервис” муниципалдык ишканасынын башчысынын катынын негизинде, “ Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “ Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 708 жана 109 беренелеринин негизинде, Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы токтом кылат:
1.Кайыңды шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик боюнча бөлүмүнө – 3500,0 мин сомго 311 “Башка автотранспорт каражаттарын алуу” беренесинин негизинде 1(даана) эксковатор сатып алууга макулдук берилсин жана балдар аянтчаларын 4 (даана) өлчөмүндө сатып алууга жана орнотууга макулдук берилсин.
2.Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу милдети Кайыңды шаардык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төраганын м.а. У.Б. Абдрасулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексиКодекс · 16.05.2016 · № 59
- Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 20.10.2021 · № 123