# Кызыл-Туу айылдык кеңешинин 2022-жылдын 23-декабрындагы № 12-4 "Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн регламентин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кызыл-Туу айылдык кеңешинин 2022-жылдын 23-декабрындагы № 12-4 "Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн регламентин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 12-4
- Кабыл алынган күнү: 23.12.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.12.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/136590>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-12433/edition/1238272/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.12.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кызыл-Туу айылдык кеңешинин 2022-жылдын 23-декабрындагы № 12-4 "Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн регламентин бекитүү жөнүндө" токтому (23.12.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/136590

---

КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги он экинчи сессиясы 2022-жылдын 23-декабры № 12-4 “Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн регламентин бекитүү жөнүндө” «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» жана “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн №01-16/543 20-сентябрь 2022-жылдагы кайрылуусунун негизинде, айылдык кеңешинин укук жана мыйзамдуулук боюнча комиссиясынын кеңешмесинин протоколун негиздеп Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик Агенттиктин 2022-жылдын 12-сентябрындагы №212 буйругу менен бекитилген Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Типтүү регламенти бекитилсин. (регламент тиркелет)

2. Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүндө бекитилген Регламентке ылайык иш жүргүзүлсүн.

3. Ушул токтомго ылайык иш алып баруу Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы М. Омурзаковго милдеттендирилсин.

4. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyl-tuu.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Төрага:

Т. Джороев
