# Шайдан айылдык кеңешинин 2021-жылдын 10-августундагы № 18 "Шайдан айыл өкмөтүнүн аймагындагы балдар бакчаларында тамак-аш нормаларын белгилөө жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Шайдан айылдык кеңешинин 2021-жылдын 10-августундагы № 18 "Шайдан айыл өкмөтүнүн аймагындагы балдар бакчаларында тамак-аш нормаларын белгилөө жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 18
- Кабыл алынган күнү: 10.08.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.08.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/136570>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-12413/edition/1238206/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.08.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Шайдан айылдык кеңешинин 2021-жылдын 10-августундагы № 18 "Шайдан айыл өкмөтүнүн аймагындагы балдар бакчаларында тамак-аш нормаларын белгилөө жөнүндө" токтому (10.08.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/136570

---

ШАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Шайдан айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышын кезектеги IV-сессиясы 2021-жылдын 10-августу № 18 Шайдан айыл өкмөтүнүн аймагындагы балдар бакчаларында тамак-аш нормаларын белгилөө жөнүндө Шайдан айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышынын кезектеги IV-сессиясында Шайдан айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тарбия, коммуникациялар жана архитектура, курулуш боюнча туруктуу комиссиясынын Шайдан айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы М. Мамановдун “Шайдан айыл өкмөтүнүн аймагындагы балдар бакчаларында балдар үчүн тамак-ашынын акчалай нормасын жана балдар бакчаларында балдар менен дайыма иштеген кызматкерлердин тамак-ашынын акчалай нормасын белгилөө жөнүндө” кайрылуусун угуп жана талкуулап токтом кылат:

1. Шайдан айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы М. Мамановдун “Шайдан айыл өкмөтүнүн аймагындагы балдар бакчаларында балдар үчүн тамак-ашынын акчалай нормасын жана балдар бакчаларында балдар менен дайыма иштеген кызматкерлердин тамак-ашынын акчалай нормасын белгилөө жөнүндө” кайрылуусу эске алынсын.

2. Шайдан айыл өкмөтүнүн аймагындагы балдар бакчаларында балдардын тамак-ашына ата-энелер үчүн күнүнө 25 (жыйырма беш) сом акчалай нормасы белгиленсин. Жергиликтүү бюджеттен “Социалдык чөйрө мекемелеринде тамак-аштын акчалай нормалары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 15-январьдагы №7 сандуу токтомунун тиркемесине ылайык балдар бакчаларынын тамак-ашына каражат бөлүнсүн.

3. Шайдан айыл өкмөтүнүн аймагындагы балдар бакчаларында дайыма балдар менен иштеген кызматкерлердин түшкү тамагы үчүн күнүнө 20 (жыйырма) сом акчалай нормасы белгиленсин.

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Шайдан айыл өкмөтүнүн башчысы К.Еркуловго тапшырылсын.

Шайдан айылдык кеңешинин төрагасы:

А. Тешебаев
