# КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-майындагы № 209 "Кыргыз Республикасынын маалыматтык коопсуздугунун 2019-2023-жылдарга карата концепциясы жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-майындагы № 209 "Кыргыз Республикасынын маалыматтык коопсуздугунун 2019-2023-жылдарга карата концепциясы жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 209
- Кабыл алынган күнү: 03.05.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.05.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/13648>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-2829/edition/950087/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/13648.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.05.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-майындагы № 209 "Кыргыз Республикасынын маалыматтык коопсуздугунун 2019-2023-жылдарга карата концепциясы жөнүндө" токтому (03.05.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/13648

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 3-майы № 209 Кыргыз Республикасынын маалыматтык коопсуздугунун 2019-2023-жылдарга карата концепциясы жөнүндө Кыргыз Республикасынын маалыматтык коопсуздугун камсыздоонун формаларын жана методдорун өркүндөтүү, маалыматтык коопсуздукка коркунучтарды баалоо жана болжолдоо, ошондой эле маалыматтык чөйрөдө каршы чара көрүүнүн натыйжалуу системасын түзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын маалыматтык коопсуздугунун 2019-2023-жылдарга карата концепциясы тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана администрациялык ведомстволор Кыргыз Республикасынын маалыматтык коопсуздугунун 2019-2023-жылдарга карата концепциясын аткаруу боюнча Иш-чаралар планына киргизүү үчүн сунуштарын Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине эки айлык мөөнөттүн ичинде беришсин.

3. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун сунуштарын эки айлык мөөнөттүн ичинде жалпылап, Кыргыз Республикасынын маалыматтык коопсуздугунун 2019-2023-жылдарга карата концепциясын аткаруу боюнча Иш-чаралар планы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругунун долбоорун бекитүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө белгиленген тартипте киргизсин.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.

5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

М.Абылгазиев
