Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын маалыматтык коопсуздугунун 2019-2023-жылдарга карата концепциясы жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 3-майы № 209 Кыргыз Республикасынын маалыматтык коопсуздугунун 2019-2023-жылдарга карата концепциясы жөнүндө Кыргыз Республикасынын маалыматтык коопсуздугун камсыздоонун формаларын жана методдорун өркүндөтүү, маалыматтык коопсуздукка коркунучтарды баалоо жана болжолдоо, ошондой эле маалыматтык чөйрөдө каршы чара көрүүнүн натыйжалуу системасын түзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын маалыматтык коопсуздугунун 2019-2023-жылдарга карата концепциясы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана администрациялык ведомстволор Кыргыз Республикасынын маалыматтык коопсуздугунун 2019-2023-жылдарга карата концепциясын аткаруу боюнча Иш-чаралар планына киргизүү үчүн сунуштарын Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине эки айлык мөөнөттүн ичинде беришсин.
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун сунуштарын эки айлык мөөнөттүн ичинде жалпылап, Кыргыз Республикасынын маалыматтык коопсуздугунун 2019-2023-жылдарга карата концепциясын аткаруу боюнча Иш-чаралар планы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругунун долбоорун бекитүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө белгиленген тартипте киргизсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
М.Абылгазиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын маалыматтык коопсуздугунун 2019-2023-жылдарга карата КОНЦЕПЦИЯСЫ (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-май- ындагы N 209 токтомуна)Концепция · 03.05.2019 · № 209
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 16-октябрындагы № 389-б (Кыргыз Республикасынын маалыматтык коопсуздугунун 2019-2023-жылдарга карата концепциясын ишке ашыруу боюнча: иш-чаралар планын…Распоряжение · 16.10.2019 · № 389-р
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон