# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 9-февралындагы N 92 "Кыргыз Республикасынын электрондук визасын этабы менен киргизүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 9-февралындагы N 92 "Кыргыз Республикасынын электрондук визасын этабы менен киргизүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 92
- Кабыл алынган күнү: 09.02.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 02.05.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/13632>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-2824/edition/945946/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/13632.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.05.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 9-февралындагы N 92 "Кыргыз Республикасынын электрондук визасын этабы менен киргизүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому (02.05.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/13632

---

КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 2-майындагы № 200 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2009-жылдын 9-февралы N 92 Кыргыз Республикасынын электрондук визасын этабы менен киргизүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө "Кыргыз Республикасында уруксат берүү-жөнгө салуу системасын оптималдаштыруу боюнча айрым чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 23-июлундагы N 344 Жарлыгына ылайык, чет өлкөлүк туристтерге визаларды берүү жол-жобосун жөнөкөйлөтүү жана туристтик рыноктун жагымдуулугун жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелген: Кыргыз Республикасынын электрондук визасын этабы менен киргизүүнүн тартиби бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги эки айлык мөөнөттө "электрондук виза" кызматын он-лайн режиминде киргизүү жөнүндө маселени иштеп чыксын.

3. Бул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

И.Чудинов
