# Каргалык айылдык кеңешинин 2022-жылдын 30-июнундагы № 36 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы №54 Жарлыгынын негизинде Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн иштеп чыккан Жобосун бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Каргалык айылдык кеңешинин 2022-жылдын 30-июнундагы № 36 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы №54 Жарлыгынын негизинде Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн иштеп чыккан Жобосун бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 36
- Кабыл алынган күнү: 30.06.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.06.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/136270>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-12317/edition/1231684/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Каргалык айылдык кеңешинин 2022-жылдын 30-июнундагы № 36 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы №54 Жарлыгынын негизинде Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн иштеп чыккан Жобосун бекитүү жөнүндө" токтому (30.06.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/136270

---

КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Каргалык айылдык кеңешинин (XXVIII чакырылышынын) кезексиз Х сессиясы 2022-жылдын 30-июну № 36 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы №54 Жарлыгынын негизинде Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн иштеп чыккан Жобосун бекитүү жөнүндө Каргалык айылдык кеңешинин “Мыйзамдуулук, укук, депутаттык этика, мандат, регламент, маданият жана социалдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясынын төрайымы Мамырова Каныш Мөкүшовнанын маалыматын угуп жана талкуулап,

Каргалык айылдык кеңешинин (XXVIII чакырылышынын) кезексиз Х сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ :

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы “Кыргыз Республикасында үй бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” №54 Жарлыгынын негизинде “Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аймагында үй бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү жөнүндө” иштеп чыккан Жобосу тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бул жобо боюнча иш алып баруу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы Э.А.Артыкбаевге милдеттендирилсин.

3. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомду көзөмөлдөө “Мыйзамдуулук, укук, депутаттык этика, мандат, регламент, маданият жана социалдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясынын төрайымы К.Мамыровага тапшырылсын.

Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы:

Т.И.Токтоболотов
